ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА КООПСУЗДУК ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРДИН ОРУН БАСАРЫ

ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА КООПСУЗДУК ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРДИН ОРУН БАСАРЫ

Жарыяланган: 30 May 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча менеджердин орун басары (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22–128 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Жумуш орундарындагы эмгек шарттарынын абалын контролдоону камсыздоо;
  • Өндүрүштө кырсыктарды алдын алуу жана кесиптик тобокелдиктерди жоюу боюнча тийиштүү чараларды жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө;
  • Өндүрүштө орун алган кырсыктар жана окуяларды иликтөө менен бирге аларды болтурбоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Компаниянын жана подряддык уюмдардардын эмгекти коргоо боюнча башкаруу системаларынан иштешине мониторинг жүргүзүү;
  • Тобокелдиктерди аныктоо жана аларды азайтуу же жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
  • Зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордун жумушчуларга тийгизген таасир деңгээлин төмөндөтүүгө (таасирди жоюуга) багытталган иш-чараларды пландаштыруу жана аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Жумушчулар тарабынан саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана башка (мамлекеттик жана ички) ченемдик актыларды аткаруусун көзөмөлдөө;
  • Саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча маалымат чогултуу, иштетүү жана жеткирүү (жумушчуларды маалымдоо);
  • Саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү документацияны каттоо жана жүргүзүү.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку тоокен-техникалык билими же “Техносфералык коопсуздук” багыты боюнча эмгекти коргоо жаатында жогорку билим;
  • Адистиги боюнча тоо-кен ишканаларында 15 жылдан кем эмес, анын ичинен эмгекти коргоо тармагында 10 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөө үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жок болуусу;
  • Microsoft Office жана башка программалда иштей билүү
  • Саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө эл аралык сертификаттардын болушу (IOSH, NEBOSH ж.б.у.с);
  • Техногендик аварияларды, өндүрүштөгү кырсыктар менен окуяларды иликтөө жөндөмү болуу;
  • Атайын билими:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын аймагында күчүндө болгон эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик актылар,  анын ичинде Бажы бирлигинин техникалык ченемдик укуктук актылары жана башка өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдар, кен өндүрүү жана түстүү металл кендерин байытуу боюнча негизги технологиялык процесстерине карата коопсуздук талаптары;

– эмгекти коргоо боюнча башкаруу системаларын жана кесиптик тобокелдиктерди баалоо системаларын пландаштыруу, иштеп чыгуу жана мыктылоо;

– коопсуздук техникасы боюнча тобокелдиктерди баалону киргизүү;

– тоо-кен ишканаларындагы жумуш орундарынын аттесатциялоосун өткөрүү.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • ​​​​​​​Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
  • Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 13-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg  электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-128.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.