Депутаттык жумушчу топ «Кумтөр» кен ишканасында болду

Депутаттык жумушчу топ «Кумтөр» кен ишканасында болду

Жарыяланган: 25 June 2011

2011-жылдын 23 – 24-июнунда депутаттык жумушчу топ иш сапары менен “Кумтөр” кен ишканасында болду. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө жана Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөлөрүнө алтын кенинде болууну «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилиги сунуш кылган.

Парламенттик делегациянын курамына мыйзам чыгаруу бийлигинин төрт өкүлү – Райкан Төлөгөнов (жумушчу топтун жетекчиси), Урмат Аманбаева, Элмира Жумалиева жана Мирлан Бакиров киришти. Депутаттардан тышкары жумушчу топко министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, экология, геология, гляциология тармагындагы көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун активисттери киришти.

Жумушчу топтун мүчөлөрү кен ишканасынын бардык маанилүү өндүрүштүк объектилеринде болушту, “Кумтөрдө” иштегендер менен жолугушушту. Адистердин катышуусунда калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын артынан, тазаланган сууларды Кумтөр дарыясына агызуу чекитинен, бул чекиттен жогору жактан жана куюу чекитинен 4 чакырым төмөндөн, ошондой эле Сары-Төр дарыясынан жана карьер сууларын топтоочу жайдан оор металлдарга жана цианиддерге үлгүлөр алынды.

– Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжалары боюнча биз чаңдалуунун, радиациялык фондун ашыкча болушу, азык-түлүк продуктыларынын жана ичүүчү суунун сапатынын нормадан четтөөсү байкалбайт деген корутундуга келдик. Бардык иликтөөлөрдүн натыйжаларын биз республиканын парламентине беребиз жана убагында депутаттык жумушчу топ аларды жарыяламакчы, – деп айтты Ысык-Көл областынын санэпидкызматынын ишмердүүлүгүн координациялоо функциялары менен Мамсанэпидкөзөмөлдүн Каракол шаардык борборунун оперативдүү көңүл буруу мониторинги бөлүмүнүн башчысы Гүлүшкан Тайлакова.