Алдыга, жаштар!

Алдыга, жаштар!

Жарыяланган: 28 May 2013

тренинг для молодых активистов- участников «Молодежных банков»
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Борбордук Азиянын Евразия фонду” тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан эки жылдык долбоордун – “Жаштар банкынын” катышуучулары – жаш активисттер үчүн тренинг аяктады.

Долбоордун катышуучуларын жаштар банкы идеясын негиздөөчүлөрдүн бири Вернон Рингланд окутту. Беш күн аралыгында балдар приоритеттерди туура коюу жана туура чечимдерди кабыл алууну окушту. Окуудан өтүп жана туулган шаарларына жана айылдарына кайтуу менен жаштар жер-жерлерде комиссия сыяктууларды түзүшөт, а алар тигил же бул долбоорлорду жүзөгө ашырууга билдирмелерди карамакчы жана чакан гранттарды бөлүштүрмөкчү, алардын суммасы 2 миң доллардан ашпоого тийиш.

Эми 14 жаштан 28 жашка чейинки кырктан ашуун көлдүктөр “Жаштар банктары” системасында иштөөгө киришүүгө даяр, алар Ысык-Көл областынын алты калктуу пунктунда: Каракол жана Балыкчы шаарларында, Бөкөнбаев, Тамга, Түп жана Кызыл-Суу айылдарында түзүлмөкчү.