КРАНДЫН МАШИНИСТИ

КРАНДЫН МАШИНИСТИ

Жарыяланган: 09 June 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Крандын машинисти (Кумтөр кени) 

Билдирүүнүн номери: KGC-22-181 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Белгиленген коопсуздук эрежелерин сактоо менен автомобилдик кранды башкаруу;
  • Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, строповкалоо жана коопсуз жылдыруу жана алардын сакталышын камсыздоо;
  • Имараттар менен курулмаларды монтаждоо;
  • Жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү машиналардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана пайдалануу инструкциясына ылайык автокранды тейлөө жана эксплуатациялоо;
  • Крандын жана анын механизмдеринин бузулууларын аныктоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Атайын орто билим;
  • Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Автомобилдик крандын машинистинин күбөлүгү болуу;
  • Билимдери:

– крандарды жана алардын механизмдерин түзүлүшү, техникалык мүнөздөмөлөрү жана эксплуатация эрежелери;

– жүктөрдү коопсуз строповкалоо ыкмалары;

– жүктөрдү жыюу тартиби;

– коргоо чөлкөмүндө кранды коопсуз иштетүү жана орнотуу эрежелери;

– стропаларды жана башка жүк бекитүүчү шаймандарды туура тандоо, жана алардын жумушка жарактуулугун аныктоо эрежелери;

  • Сырткы көрүнүшү боюнча жүктүн массасын аныктоо жөндөмү;
  • Бийик тоолуу аймакта жана ири жүк көтөрүүчү крандарда иш тажрыйбасы болуу кубатталат.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 22-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-181.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.