«КУМТӨРДҮН» КАРАЖАТТАРЫНЫН ЭСЕБИНЕН БАЛЫКЧЫ – БӨКӨНБАЕВ – КАРАКОЛ АВТОЖОЛУНУН РЕКОНСТРУКЦИЯСЫ УЛАНТЫЛУУДА

«КУМТӨРДҮН» КАРАЖАТТАРЫНЫН ЭСЕБИНЕН БАЛЫКЧЫ – БӨКӨНБАЕВ – КАРАКОЛ АВТОЖОЛУНУН РЕКОНСТРУКЦИЯСЫ УЛАНТЫЛУУДА

Жарыяланган: 07 October 2013

ПРОДОЛЖАЕТСЯ РЕКОНСТРУКЦИЯ АВТОДОРОГИ БАЛЫКЧЫ-БОКОНБАЕВО-КАРАКОЛ ЗА СЧЕТ СРЕДСТВ «КУМТОРА»Ысык-Көл областында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 89дан 92-чакырымына чейинки участогунун алгачкы 3 чакырымын реконструкциялоо боюнча жол иштери улантылууда. Бөкөнбаев айылынан Тоң айылына чейинки жолдун бул участогу жергиликтүү бийликтердин катышуусу менен ремонтко көбүрөөк муктаж катары тандалып алынган. Бул Ысык-Көлдүн түштүк жээгин бойлогон республикалык масштабдагы трассанын жол полотносун калыбына келтирүү планы боюнча иш чаралардын алгачкыларынын бири.

2013-жылдын октябрынын биринчи жумасынын аягына карата төмөнкү иштер аткарылып калды:

• Жолдун бетинин үстүнкү катмарын алып салуу жана аны тегиздөө боюнча иштер аяктады.
• Жолду пландаштырылган 9 метрге чейин кеңейтүү 97%га аяктаган.
• Сууну өткөрүүчү түтүктөрдү коюу боюнча иштер аяктоо алдында, алар нөшөрлөрдүн жана селдердин жаңы жолду жууп кетүүсүнө жол бербейт.
• Асфальтбетон заводун орнотуу жана аны электр менен камсыздоо аяктады. Бардык тесттер өткөрүлгөндөн кийин завод продукция чыгарууга даяр болмокчу.
• Шагыл-кум аралашмасын – болочок жол үчүн негизди төшөө башталды.

«Кумтөр» компаниясы бул максатта 1 миллион 900 миң АКШ долларын бөлгөнүн эске салалы. Ага 4 жол-курулуш уюму катышкан тендерди Жалал-Абад областынын Каракөл шаарынан «Империя Групп» ЖЧКсы утуп алган.
Асфальтбетон каптоосунун эни 9 метрди түзмөкчү, эки катмардуу асфальт чоң жүк ташуучу техниканын өтүүсүнө эсептелмекчи. Адистер жол 15 жыл аралыгында кызмат кылууга тийиш деп эсептешет. Контракттын шарттары боюнча, подрядчы объектини ишке бергенден кийинки бир жыл аралыгында аткарылган иштердин сапаты боюнча кепилдик милдеттенмелерин тартат жана кемчиликтер аныкталган учурда аларды өзүнүн эсебинен четтетмекчи.