“Кумтөр” кенинде Металлургдар күнүнө карата концерт болуп өттү

“Кумтөр” кенинде Металлургдар күнүнө карата концерт болуп өттү

Жарыяланган: 21 July 2021

Металлургдардын кесиптик майрам күнүнө карата, 2021-жылдын 18-июлунда “Кумтөр” кен ишканасында компаниянын кызматкерлери жана бөдрөтчүлөрү үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара бардык санитардык профилактикалык талап эрежелерин аткаруу менен “Кумтөр Голд Компани” жетекчилигинин демилгеси боюнча уюштурулган. Кен – тоо жумушчуларынын экинчи үйү, андыктан ал жер жайлуу жана ыңгайлуу болушу керек, анткени убактыларынын жарымы эле бул жерде өтөт.

Компаниянын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн куттуктоосунда дал ушул тоо кен-металлургия тармагы Кыргызстан экономикасынын пайдубалы жана туруктуулугунун кепилдиги, жана ошондой эле тоо жумушчуларынын байгерчилигинин булагы болоору белгиленген. Ошол эле учурда “Кумтөр” кызматкерлеринин алдында стратегиялык максаттар бар – булар жер алдындагы кендерди иштетүү жана калдык сактоочу жайдан алтын алуу сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу.

“КГК кызматкерлеринин көп жылдык тажрыйбаларына жана инженердик-техникалык дараметине таянуу менен, биз ийгиликке жетишебиз деген чоң ишениш бар. Бул кен ишканасынын иштөө мөөнөтүн узартып жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууну камсыздайт” – деп айтылат Тенгиз Бөлтүрүктүн куттуктоосунда.

Бийиктикте уюштурулган концертке Кыргыз Республикасынын эл артисти Гульнур Сатылганова, өлкөнүн эмгек сиңирген артисттери Ырыскелди Осмонкулов, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев, жана ошондой эле Кыргыз Улуттук Филармониянын солисти Аксай Мукамбет уулу катышышты. Алардын аткаруусунда сүйүктүү жана унутулгус ырлар ырдалып, жана жаңы музыкалык чыгармалар аткарылды. Ар бир аткаруу кумтөрчүлөрдүн сүйүнүчүнө батып, алар ыраазычылыгын билдиришип алакан чабуулары менен коштоп турушту. Ошондой эле, кен жайдын жумушчулары мыкты концерт уюштургандыгы үчүн “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

_____________________________________

КГК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.