«Кумтөр» компаниясы кызматтык автотранспорттун тартып алынуу фактысы жөнүндө билдирет

«Кумтөр» компаниясы кызматтык автотранспорттун тартып алынуу фактысы жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 28 November 2013

Митингующие в Саруу захватили грузовик «Кумтора»Бүгүн, 2013-жылдын 28-ноябрында, саат 12:30да «Кумтөр» кен ишканасына 17 иштөөчүнү алып бара жаткан кызматтык вахталык машина белгисиз бирөөлөр тарабынан кармалган. Ок атуучу куралдар менен куралданган адамдар жеңил автомашиналар менен компаниянын автотранспортун Саруу айылынан Чычкан айылына чейин ээрчип барышкан, ал жерден алар КамАЗды токтотушкан жана жүргүнчүлөр менен айдоочуну транспорттон түшүүгө мажбурлашкан. Андан кийин автомашинаны тартып алышкан адамдар аны белгисиз жакка айдап кетишкен. Бирок кийинчерээк вахталык машина компанияга кайтарылган.

Ушул эле күнү компаниянын кызматкерлерин Каракол шаарынан Барскоон айылындагы «Волна» өткөөл пунктуна ташып бара жаткан кызматтык автобус Дархан айылына жакын жерден митингичилер тарабынан токтотулган. Автобусту жүргүнчүлөрү менен 30 мүнөттөн ашык кармап турушкандан кийин, каршылык көрсөткөндөр айдоочуну кайра Караколго кайтууга мажбурлоо менен аны кое беришкен.

Бул фактылар боюнча компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылды.