Кумтөр Нарын облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөрдү жана жалгыз бой кары-картаңдарды көмүр менен камсыз кылды

Кумтөр Нарын облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөрдү жана жалгыз бой кары-картаңдарды көмүр менен камсыз кылды

Жарыяланган: 27 January 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден бери бүткүл өлкө боюнча социалдык долбоорлорду колдоп келет. Бул жолу Компания Кыргызстандын эң суук аймагы саналган Нарын облусундагы жакыр үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой кары-картаңдарга демөөр жардам көрсөтүп 650 тоннадан ашык көмүр бөлүштүрүүнү чечти. Кумтөрдүн мындай кайрымдуулук акциясы бул жерде биринчи жолу өтүп жатат. Жалпысынан беш райондун 114 айылы камтылган.  Тандалган көмүр Кара-Кече кенинен сатылып алынды. Нарын облусунун райондук администрациялары көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жана жалгыз бой пенсионерлердин тизмелерин беришти.

Биринчилерден болуп Нарын шаарынын тургуну Жаңыл Кыдырмаевага жардам берилди:

– Мага Соцфонддон телефон чалышып, көмүр ала турган тизмеге киргенимди айтышты. Анан ал “Кумтөрдүн” белеги экенин билдим. Көмүрдү үйүп жатып эсептедим: үнөмдөлгөн акча бир нече миң сомду түздү. Биздин үй-бүлө үчүн бул абдан олуттуу жардам. Кыш дээрлик 6 айга созулат. Кумтөрдүн жаңы жетекчилигине, элге кам көргөнү үчүн чоң рахмат!

“Кумтөр Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп, жана муктаж болгондорго системалуу түрдө кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет. Биз жардамды бардык муктаж болгондорго, жада калса аймактын эң алыскы айылдарына жеткирүүгө басым жасадык, муктаж үй-бүлөлөр бир тоннадан көмүр алышты”, – деди Нарын облусундагы КГКнын туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлү Илим Садыков.