«Кумтɵр» кениндеги АЫФта эритүү чандарын орнотуу

«Кумтɵр» кениндеги АЫФта эритүү чандарын орнотуу

Жарыяланган: 12 December 2019

Кабыл алуу жабык
«Кумтɵр Голд Компани» ЖАК кызмат көрсөтүүчү ишканалар арасында «Кумтɵр» кениндеги АЫФта эритүү чандарын орнотуу» үчүн долбоорлоо, даярдоо, жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү жумуштары боюнча квалификациялоочу тандоону жарыялайт. Буларга инженердик расчетторго ылайык бардык керектүү жабдууларды сатып алуу да кирет (агитатордун приводунун редуктору электркыймылдаткычы менен, агитатор импеллерлери менен чогуу, агитатордун рамасы, кобулчалары менен чɵкмɵ грохотторду орнотуу рамасы, чандын түбүндɵ абаны бɵлүштүргүчтɵрү менен аба берүү линиялары).

 

Талапкерлер тɵмɵнкүдɵй маалымат бериши керек:

– мекеме тууралуу маалымат (каттоо күбɵлүгүнүн, уставынын, жарактуу уруксаттар менен лицензиялардын кɵчүрмɵлɵрү, салык тɵлɵɵчүнүн ишмердик мүнɵздɵмɵсүнүн параметри, бизнес ɵнɵктɵштɵрүнүн тизмеси);

– ушундай сыяктуу жумуштар боюнча тажрыйба тууралуу маалымат (аткарылган иштер тууралуу кыскача маалымат жана рекомендациялар, техникалык тейлɵɵ тарыхы, сүрɵттɵр);

–  мекеменин техникалык жабдуулоосу ( жабдуу типтери, устаканалары, цехтери, сүрɵттɵр менен);

– мекеменин башкы бɵлүмү, негизги жана регионалдык базалары тууралуу малымат;

– жумушчулар менен инженердик-техникалык кызматкерлери жана алардын тажрыйбалары тууралуу маалымат;

– талапкердин пикирине ылайык керек болушу мүмкүн кошумча шарттар.

 

Документтер бекитилген конвертте «Квалификациялоочу тандоо: «Кумтɵр кениндеги АЫФка ээритүү чандарын орнотуу боюнча долбоорлоо, даярдоо, жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү жумуштары» деп жазылып, «Кумтɵр»дүн кеңсесинде: Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» АК имараты), 10 этаж дарегине 2019-жылдын 27-декабрь күнү саат 17:00 чейин кабыл алынат.

Бардык талапкер мекемелер ɵзүлɵрүнүн документтеринин ɵз ыктыяры менен жɵнɵтүшɵт жана ɵзүлɵрүнүн эсебинен каржылайт, жана КГКнын шарттарына макулдук беришет.

КГК талапкерлердин бул тандоого байланыштуу кеткен чыгымдардын ордун толуктоого милдеттенме албагандыгын билдирет.

Керектүү техникалык маалымат квалификациялоочу тандоодон ɵткɵн уюмдарга гана коммерциялык сунуштарын даярдоо үчүн берилет.