Санариптик байланыш Жети-Өгүз районунун үч айылынын жашоочуларына жеткиликтүү болуп калды

Санариптик байланыш Жети-Өгүз районунун үч айылынын жашоочуларына жеткиликтүү болуп калды

Жарыяланган: 20 December 2012

Санариптик байланыш Жети-Өгүз районунун үч айылынын жашоочуларына жеткиликтүү болуп калды 2012-жылдын 19-декабрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында, орнотулган үч санариптик автоматтык телефон станцияларынын биринин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. АТСтер «Кыргызтелеком» ААКсы тарабынан Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарында орнотулду. Айылдыктар үчүн керектүү жабдууну сатып алууга «Кумтөр» компаниясы жардам берди. Ачылыш аземинде коомчулуктун, «Кыргызтелеком» ААКсынын өкүлдөрү, «Кумтөр» компаниясынын кызматкерлери жана журналисттер катышышты.

Үч айылдын жашоочулары эми телефон байланышынын сапаттуу кызматтары менен гана камсыз болбостон, Интернет тармагына жетүүгө да мүмкүнчүлүк алышат жана санариптик телевидениеге да кошула алышат. Ачылыш аземинде «Кыргызтелеком» ААКсынын кызматкерлери Интернетке жана «ZorTV» телевидениесине кошулушкан өздөрүнүн биринчи абоненттерине байгелерди тапшырышты жана куттукташты.

«Кумтөр» компаниясы областты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого дайыма умтулат. «Кыргызтелеком» менен биргелешкен долбоор үч айылдын жашоочуларына бүткүл дүйнө менен байланышта болуу гана мүмкүнчүлүгүн эмес, ошондой эле байланыш кызматынын эң заманбап деңгээлин да берди. Биз мындай кызматташууга кубанычтабыз жана региондун жашоочулары айылдарда пайда болгон телекоммуникациялык жаңылыктардын бардык артыкчылыктарын жакында баалашат деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти «Майкл Фишер.