Ысык-Көлдө балдар экологиялык лагери өтүп жатат

Ысык-Көлдө балдар экологиялык лагери өтүп жатат

Жарыяланган: 27 July 2018

Өткөн жумада «Кумтөр Голд Компани» каржылык колдоосунда Чоң Жаргылчак айылында «Сарычат» коомдук бирикмеси аркылуу уюштурулган жайкы экологиялык лагери ишин баштады.

«Эдельвейс» пансионатынын негизинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жашаган толук эмес жана көп балалуу, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 25 бала он күн боюу эс алып, билим алышат. Компания быйыл балдар эко-лагерин өткөрүүгө 317 миң сом бөлдү.

Балдар сууга түшүп эс алуудан сырткары кесипкөй мугалимдерден жергиликтүү флора жана фауна менен таанышып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөнөт. «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери лагердеги балдарга барып, чыгармачылыгы менен таанышып, жана ошондой эле аларга эстеликке белектерди – китептер менен комикстерди тапшырып келишти.
«Биз балдар экологиялык лагерин «Кумтөр» компаниясынын колдоосунда 2004-жылдан бери өткөрүп келебиз. Бул жылдын агымын эсепке алсак, лагерь 500 окуучу кабыл алган. Алардын көбү учурда айлана-чөйрөнү коргоо тармагында адис болуп калышты», – деп белгилейт, Экологиялык лагердин жетекчиси Ишенкул Асакеев.