Медициналык жана Инженердик бөлүмдүн кызматкерлери, балдардын шахматтык мелдешине демөөрчүлүк жардам көрсөтүштү

Медициналык жана Инженердик бөлүмдүн кызматкерлери, балдардын шахматтык мелдешине демөөрчүлүк жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 27 December 2017

Үстүбүздөгү жылдын декабрында компаниянын медициналык жана инженердик бөлүмдөрүндөгү «Кумтөрдүн Элчилери» биргелешип, Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин (БААУ) базасында «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун билим берүү программасын колдоо максатында Шахматтык мелдеш өткөрүүдө демөөрчүлүк жардам көрсөтүштү.

Шахматтык мелдеш жетим балдар менен балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын билим деңгээлине көңүл бурдурууга багытталган. БААУ студенттери болгон мелдештин уюштуруучулардын пикиринде, алган билимдин жогорку сапаты жетимдер менен балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын кыйла жакшыраак социалдык адаптациясында абдан манилүү ролду ойнойт.

Шахматтык мелдештен түшкөн каражат «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондуна тапшырылды.