«Кумтөр» компаниясы Балыкчы шаарындагы «Теңдик ДМЧА» Коомдук Фондуна жардам берди

«Кумтөр» компаниясы Балыкчы шаарындагы «Теңдик ДМЧА» Коомдук Фондуна жардам берди

Жарыяланган: 10 May 2018

Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш-чаралары боюнча «Кумтөр Голд Компаниясынын» комитет мүчөлөрү Балыкчы шаарындагы «Теңдик ДМЧА» Коомдук Фондунан келген өтүнүчтөрдү колдоо чечимин кабыл алды. Бул коомдук уюм ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар, көп балалуу үй бүлөлөргө жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам берет.

2018-жылдын 4-майында КГКнын Балыкчыдагы өткөөл базасынын кызматкерлери менен КГКнын туруктуу өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү аталган коомдун бардык мүчөлөрүнө азык-түлүк топтомдорун жана жеке гигиена каражаттарын тапшырды.
«Теңдик ДМЧА» Фондунун төрагасы Улан Жанузаков жардам дана колдоосу үчүн «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлерине чын дилинен ыраазычылык билдирди. «Мумкүнчүлүгү чектелген адамдар үчү камкордукту сезүү жана көңүл буруу абдан маанилүү. Белектер алардын бул дүйнөдө жалгыз эмесин аңдап-билүүдө жардам берет. Биз үчүн «Кумтөр» компаниясын ар дайым колдоого даяр ишеничтүү өнөктөш. Кумтөрчүлөргө чын жүрөктөн ден-соолук жана бакубаттуулук каалайбыз!», – деп белгиледи Улан Жанузаков.