«Кумтөр» командасы кичи футбол боюнча кайрымдуулук мелдешинде биринчиликти алды

«Кумтөр» командасы кичи футбол боюнча кайрымдуулук мелдешинде биринчиликти алды

Жарыяланган: 20 May 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын курама командасы 2022-жылдын 15-майында Кант шаарында Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын мүчөлөрүнүн арасында өткөн кичи футбол боюнча кайрымдуулук мелдешинде 1-орунга ээ болду.

Бул мелдешти өткөрүүнүн максаты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүчү «СезимТал» инклюзивдик билим берүү мектеби үчүн каражат чогултууга жана корпоративдик маанайды көтөрүүгө багытталган.

«Кумтөр» командасынын курамына инженердик-геологиялык, тоо-кен өндүрүшү жана техникалык тейлөө бөлүмдөрүнүн оюнчулары кирди. Команданын капитаны – Улукбек Бакаcов.

Жигиттерибизди куттуктап, аларга жаңы спорттук жеңиштерди каалайбыз!

МААЛЫМДАМА: Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы – Кыргызстанда жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишкер чөйрөнү түзүүгө умтулган алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация. Палата экономиканын ар кандай тармактарындагы 80ден ашуун ири, орто жана чакан ишканаларды бириктирет. Ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыш катары Американын соода палатасы өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга өбөлгө түзөт.