2012-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары

2012-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары

Жарыяланган: 30 May 2013

Установка трех АТС в селах Барскоон, Тамга и Тосор.
• Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын ардагерлерин колдоонун алкактарында согуштун ардагерлерине ай сайын төлөмдөр – 83 000 сом
• Чоң-Жаргылчак айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 3 460 сом
• Кичи-Жаргылча айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 3 765 сом
• Барскоон айылындагы Диагностикалык медициналык борбор, келишимге ылайык – 225 000 сом
• Барскоон айыл өкмөтүнө грек-рим күрөшү боюнча балдар командасынын Ош шаарындагы мелдештерге катышуусуна транспорттук чыгымдарды жабууга – 5 000 сом
• Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы тармактар ишканасына, Тамга подстанциясы– 30 000 сом
• Тамга айылындагы «Кызгалдак» бий ансамблине видеокамера сатып алууга – 23 500 сом
• Барскоон айылдык кеңешине Жеңиш күнүнө арналган спорттук иш чаралар үчүн спорттук инвентарь сатып алууга – 79 186 сом
• Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Жеңиш күнүнүн алдында ардагерлерге белектерди сатып алууга – 120 000 сом
• Барскоон капчыгайын тазалоо боюнча экологиялык долбоордун алкактарында– 40 605 сом
• Тосор айылындагы «Хидаят» спорт клубуна дзюдо боюнча экинчи эл аралык турнирди өткөрүүгө – 174 301 сом
• Барскоон айылындагы «Кумтөр Эл Айкын» коомдук фондуна Жеңиш күнүнүн алдында ардагерлерге белектерди сатып алууга– 30 000 сом
• Кызыл-Суу айылындагы “Айыл жашоосу” коомдук фондуна Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрүүгө – 80 000 сом
• Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына “Ынтымак, биримдик жана маданият” фестивалын өткөрүүгө – 150 000 сом
• Дархан айыл өкмөтүнө күрөш боюнча республикалык турнирди өткөрүүгө – 49 900 сом
• Тамга балдар бакчасына Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого– 10 000 сом
• Тосор айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 7 000 сом
• Тамга айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 7 000 сом
• «Сарычат» коомдук бирикмесине Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн экологиялык лагерь өткөрүүгө – 297 000 сом
• Барскоон айылдык ооруканасына имараттын ремонтуна – 83 000 сом
• Тамга айылындагы «Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттигине Жети-Өгүз районунун жашоочуларын микрокредиттөө максатында – 23 500 000 сом
• «Фауна жана Флора Интернешнл» жаратылышты коргоо уюму менен Сарычат-Эрташ коругунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча биргелешкен долбоорго – 948 867 сом
• Жети-Өгүз районунун (Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Ак-Шыйрак) мектептери жана балдар бакчалары үчүн жаңы жылдык белектерди сатып алууга – 537 776 сом
• Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жаңы жылдык белектерди сатып алууга – 200 000 сом
Жалпысынан: 26 688 360 сом

Кошумча:


• Жети-Өгүз районунда Кумтөрдүн финансылык колдоосу менен Ысык-Көл областынын түштүк бөлүгүнүн жамааттарын активдештирүү боюнча эки жылдык долбоор ишке киргизилген, ал “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) ассоциациясы тарабынан жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун максаты – жергиликтүү жамааттарга жеткиликтүү ресурстардан товарларды өндүрүү жолу менен Ысык-Көл областынын экономикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин жана жергиликтүү жамааттардын аракеттерин бириктирүү. “Бир айыл – бир продукт” программасынын олуттуу принциби болуп айылдардын жашоочулары кандай товар өндүрүүгө даяр экендиктерин өздөрү чечишкендиги саналат. БАБП программасы өзүнө окутуу процессин гана камтыбайт. Программанын катышуучуларына өз продукцияларын Каракол жана Бишкек изилдөө дүкөндөрүнө коюу мүмкүнчүлүгү да берилет, аларда сатылуулардын көрсөткүчтөрүнө ылайык, катышуучуларды зарыл болгон учурда маркетингдин жана бизнес жүргүзүүнүн негиздерине да окутушат.

• Долбоордун жалпы наркы 300 000 АКШ долларын түздү. Жети-Өгүз районунда Балтабай, Жети-Өгүз, Боз-Бешик, Кызыл-Суу, Чоң Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Барскоон, Ак-Терек айылдарынан алардын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү джемдерди, сокторду жана бал өндүрүү, кийиз продукциясы, мөмөлөрдү кургатуу ж.б. болгон 21 жамаат бул долбоорго тартылган.

• Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарында үч АТС орнотуу боюнча «Кыргызтелеком» ААКсы менен биргелешкен долбоор. 3 айылдын жашоочулары эми телефон байланышынын сапаттуу кызматтарына гана жеткиликтүүлүккө ээ болушпастан, Интернет тармагына жеткиликтүүлүк жана сан-ариптик телевидениеге кошулуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ. Кумтөр заманбап жабдуу (сан-ариптик автоматтык телефон станцияларын) сатып берди. Жабдуунун жалпы наркы – 75 000 АКШ доллары.

• Региондо күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздигине байланыштуу компания райондун фермерлерине литрин 33 сомдон арзандатылган баада 241 370 литр дизель отунун берүүнү чечти. Бардык салыктар компаниянын өзү тараптан алдын-ала төлөнгөн. Жети-Өгүз районуна бөлүнгөн дизелдик отун үчүн компания тарабынан кошумча төлөө 1 399 938 сомду түзгөн.

• Мындан тышкары, компания Сөөк – Ак-Шыйрак жолунун ремонт иштери үчүн Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнө 3 тонна дизель отунун бөлгөн.

• Барскоон балдар бакчасына көмүр, отун сактоо үчүн бир кырк тонналык контейнер жана балдар аянтчасын көрктөндүрүү үчүн материалдар да берилген.

• Кызыл-Суу балдар үйүнө эки машина отун берилген.

• Барскоон айыл өкмөтүнө райондун муктаждыктары үчүн үч машина отун берилген.

Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусунун бюджетинен Жети-Өгүз районуна финансылык жардам 76 825 183 сомду түзгөн.