2013-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары

2013-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары

Жарыяланган: 30 May 2013

Финансовая помощь Джеты-Огузского району из бюджета Фонда Развития Иссык-Кульской области на сегодняшний день составила 15 431 067 сом.
• Тамга, Тосор, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын ардагерлерин колдоонун алкактарында согуштун ардагерлерине ар айлык төлөмдөр – 54 000 сом
• Тамга орто мектебине мектептин автобусун ремонттоого – 19 200 сом
• Тамга айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 5 820 сом
• Тосор айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 5 156 сом
• Барскоон айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 5 000 сом
• Барскоондогу Кендирбаев атындагы мектеп китепканасына гезиттерге жазылууга – 4 511 сом
• «Карек» КБсына тигүү цехин жана чач тарачты уюштурууга – 150 000 сом
• Тосор айылындагы «Хидаят» спорт клубуна спорттук форма жана инвентарь сатып алууга – 18 220 сом
• Тамга айылындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптарды жана жабдууларды, парталарды жана жылыткыч сатып алууга – 89 400 сом
• Кызыл-Суу айылындагы «Нур-Тем» калкты өнүктүрүү жана билим берүү борборуна проектор сатып алууга – 22 944 сом
• Тамга айылындагы балдар бакчасына керебеттерди, стол, компьютер жана принтер сатып алууга – 120 120 сом
• Жети-Өгүз районунун жаштар комитетине райондук паркты көрктөндүрүүгө жана муз тебүүчү жайды түзүүгө (конькилер, скамейкалар, музыкалык жабдуу сатып алынды) – 518 952 сом
• Тосор айылдык китепканасына китептерди сатып алууга – 32 000 сом
• Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Аялдардын эл аралык күнүнө карата белектерди сатып алууга – 202 000 сом
• Чоң-Жаргылчак айылдык китепканасына гезиттерге жазылууга – 4 100 сом
• Тамга айылындагы “Жети-Өгүз” микрокредиттик агенттигине Жети-Өгүз районунун жашоочуларын микрокредиттөө максаты үчүн – 12 094 600 сом
• Кызыл-Суу айылындагы «Наристе» балдар бакчасына эки ярустуу керебеттерди сатып алууга – 380 000 сом
• Тамга айылындагы «Кызгалдак» бий ансамблине бий костюмдарын тигүүгө – 50 000 сом
• Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Жеңиш күнүн майрамдоого – 150 000 сом
• Жети-Өгүз районунун Ооган согушунун ардагерлер союзуна эмерек (жыйындар үчүн стол, офис столдору – 2 даана, китеп шкафы – 2 даана, тумбочка – 2 даана, файл-кабинет, жол килемче) берилди
• Тосор айылындагы «Хидаят» спорт клубуна өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча эл аралык турнирди өткөрүүгө – 209 037 сом

Жалпысынан: 14 135 060 cом

Кошумча:


• Агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү кыргыз долбоору менен биргелешкен долбоор (KAED), USAID тарабынан финансыланган, Ак-Дөбө жана Липенка айыл өкмөттөрүндөгү жалпы аянты 2 000 га болгон эки жер участогун реабилитациялоо боюнча. Долбоордун негизги максаты – топурактын асылдуулугун жана ирригациялык системаны калыбына келтирүү жолу менен айыл чарба жерлеринин деградациялануу процессин токтотуу. Ак-Дөбө айыл өкмөтүндө 2013-жылдын сентябрына карата, а Липенка айыл өкмөтүндө 2013-жылдын ноябрына карата иштерди аяктоо пландаштырылууда. Кумтөрдүн салымы – 200 000 АКШ доллары.

• «Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонду «Карагат+» биргелешкен 3 жылдык долбоорду жүзөгө ашырууну башташты, ал жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. . Жүзөгө ашырылуу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Көл областы. Бул экологиялык багытталган долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаңы жогорку түшүмдүү жана үшүккө жана илдеттерге чыдамдуу сортторун өстүрүү технологияларына жана талааны сугаруунун инновациялык методдоруна окутат. «АВЕП» фондунун адистери питомниктердин жана айыл чарба продукцияларын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүшөт. Үч жылга долбоордун далпы наркы 900 000 АКШ долларын түздү. Жети-Өгүз районунда Барскоон жана Кызыл-Суу айылдарында эки питомник иштемекчи. Оргочор, Дархан жана Ак-Өстөн айылдарында 2ден өз ара жардам топтору жана 1ден демонстрациялык участок түзүлгөн. Демонстрациялык участок Барскоон айылындагы кесиптик лицейдин базасында да түзүлмөкчү, анда долбоордун катышуучуларын окутуу жүргүзүлөт.

• Андан тышкары, Ысык-Көл областында теплицаларды түзүү боюнча 3 жылдык долбоор жүзөгө ашырылмакчы. Долбоордун жалпы наркы 325 000 АКШ доллары. Барскоон айылында кесиптик лицейдин базасында бир теплица түзүү боюнча чечим кабыл алынып калды.

• Борбордук Азиядагы Евразия фонду (ФЕЦА) менен бирге «Жаштар банктарын» түзүү боюнча эки жылдык долбоор
«Жаштар банкы» – бул акчалардын банкы эмес, а жаш адамдардын идеяларынын банкы. Алар жамааттарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди иштеп чыгууга жана башкарууга тартылат. 8-10 адамдан турган ар бир «Жаштар банкы» чакан гранттарды берүү боюнча жергиликтүү комитет катарында аракеттенет. Бүгүнкү күндө 6 «Жаштар банкы» түзүлдү, алардын экөөсү Жети-Өгүз районунда Кызыл-Суу жана Тамга айылдарында. ФЕЦА гранттарды берүү боюнча комитеттердин бардык мүчөлөрүнө тренингди ийгиликтүү өткөрдү. Кумтөр төлөгөн долбоордун жалпы наркы 300 000 АКШ доллары, ар бир банкта 50 000 АКШ доллары.

• Мындан тышкары, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жазгы талаа иштери үчүн 3 тонна иштетилген май бөлүнгөн.

• Жети-Өгүз РИИБсына Сары-Мойнок постундагы натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн “Нива” автомашинасы берилди.

• Мурдагы жылдардагыдай эле, 2013-жылы компания райондун фермерлерине литри 34,5 сомдон жеңилдетилген баада 287 520 литр дизелдик отун берүү чечимин кабыл алды. Бардык салыктар компания тарабынан алдын-ала төлөнгөн. Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы 180 139 литрди алган. Жети-Өгүз району алган дизелдик отун үчүн компания тарабынан кошумча төлөө 540 964 сомду түздү.

• Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусунун бюджетинен Жети-Өгүз районуна финансылык жардам бүгүнкү күнгө карата 15 431 067 сомду түздү.