Кайрымдуулук марафон

Кайрымдуулук марафон

Жарыяланган: 08 December 2011

Представитель компании «Кумтор» передала собранные сотрудниками деньги для НИИ Кардиологии

Ноябрдын башталышында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери Жүрөктүн хирургиясы жана органдардын трансплантологиясы ИИИ үчүн балдардын дем алуучу аппаратына каражаттарды топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна кошулушту. «Вечерний Бишкек» газетасы жана «Help the children-SKD» коомдук кайрымдуулук фонду бул акциянын демилгечилери болуп калышты.

Бир ай аралыгында “Кумтөрдун” Бишкек, Каракол, Балыкчы шаарлардагы жана кендеги кызматкерлери акча алып келишкен жана балдарга жылуу сөздөрүңүздөрдү жана тезирээк сакайып кетүү боюнча каалоолорду айтышкан.

Дартты эч кандай каражаттар менен дарылоого болбогондугу, адистер жана мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу коркунучтуу жана жан кейитерлик, бирок, бир аппараттын жоктугунан улам баланын өмүрүн сактап кала албагандык – бул жалпы коомдун трагедиясы. Муну мамлекет чечсин, бул анын компетенциясы… деп узак талкуулоого болот. Бирок сыйкырды, анын өмүрүн сактап калууну, анын жүрөгүнө мүмкүнчүлүктү берүүнү күтүп жаткан балада эмне күнөө?! А өз чүрпөсүнүн жүрөгүнүн кагуусун ар бир күнү, ар бир саатта, ар бир мүнөттө тыңшап жаткан энеси эмне сезимде калууда?!

Биз 176 мин сом чогулта алдык! 6-декабрда ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмдүн кызматкерлери каражаттарды «Help the Children – SKD» коомдук кайрымдуулук фондусуна беришти.

Бул кайрымдуулук акцияга катышуубуз менен биз оору балдарга Жана алардын жакындарга Кичине да болсо жардам корсотуп, умут белек кылдык деп ишенебиз.

Кошумчалай кетсек, бул марафонду миңдеген кыргызстандыктар колдоого алышты. Андан тышкары, Кыргыз Өкмөтү Жүрөктүн хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо ИИИсине кардиология үчүн дем алуучу аппаратты сатып алууга 150 миң доллар бөлдү.
Дем алуучу аппаратты сатып алууга жыйналган акчаларды мамлекет сатып алган техника келгенден кийин гана башка жабдууну сатып алуу үчүн которушат. Андан кийин кардиохирургдар менен жалпы кеңеште эл тарабынан чогултулган акчага кандай техника сатып алуу боюнча чечим кабыл алынмакчы.

Мамлекеттин бул марафондогу баа жеткис жардамын эске алганда да, буга катышкан адамдар оорулуу балдардын гана эмес, өздөрүнүн турмушунда да эң маанилүү иштердин бирин жасашты болуш керек. Ушундай адамдардан улам балдарыбыз ишенген укмуштар жарала тургандыгы үчүн алкыш айтабыз!

«Дизель» форуму

“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын кызматкерлери кардиология бөлүмү үчүн жабдуу алууга 121 910 сом, 1 100 $, 40 ЕВРО чогултуп беришти. Анан дагы бөлүмдүн балдарына кыргыз жана орус тилдериндеги эң сонун китептерди алып келишти.

«Кумтор Оперейтинг Компани» пряняла участие в благотворительном марафонеКайдыгер болбогондугуңуздар үчүн рахмат силерге, кумтөрчүлөр!

Баардыгыңыздарга, урматтуу, кымбаттуу достор, боордоштор: жардам сураган өтүнүчтү жүрөгү менен кабыл алгандарга, күнүмдүк жашоого, күнүмдүк түйшүктөргө, проблемаларга… карабастан көңүл бура алгандарга рахмат. Баарыбыз үчүн мындай маанилүү ишке – оорулуу балдарды сактоого өз алынчалык салым кошууну жеке иши жана милдети деп санагандарга…

Сиздердин ар бириңиздердин колуңуздарды кысып: ден соолукта жана бактылуу болуңуздар деп айткыбыз келет. Жашооңуздарда баары жакшы болсун! Сиздерде жана үй-бүлөңүздөрдө тынчтык жана сүйүү, бардык жакшы нерселер болсун!
Мына ушундай адамдар бар үчүн дүйнө бар…

РАХМАТ!
сотрудники «Кумтор Оперейтинг Компани» и подрядных организаций присоединились к благотворительному марафону по сбору средств на детский дыхательный аппарат для реанимации отечественного НИИ хирургии сердца и трансплантации органов