улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун кызматкерлерин жана кардарларын куттуктоо

улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун кызматкерлерин жана кардарларын куттуктоо

Жарыяланган: 27 December 2019

Балыкчы ɵткɵɵл базанын жумушчулары келе жаткан Жаңы Жыл менен Балыкчы шаарындагы улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун кызматкерлерин жана кардарларын куттукташты

2019-жылдын 25-декабрь күнү “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы ɵткɵɵл базасынын жумушчулары кайрымдуулук миссиясы менен Улгайган адамдардын ресурстук борборуна барышты. БӨБ жумушчулары жыйнаган акчалай каражатка борбордун кардарлары үчүн майрамдык түштɵм тамак уюштурулган. Мындан тышкары улгайган адамдардын эс алуусу оңтойлуу болсун деп, кумтɵрчүлɵр борбордун аймагын оңдоп-түзɵɵгɵ жардам беришти.

Балыкчы ɵткɵɵл базасынын менеджери Жылдыз Раимкулова мындай деп белгиледи: «Улгайган адамдарга кɵптɵгɵн физикалык жана психологиялык кыйынчылыктарды жеңүүгɵ туура келет. Өзүнɵ кам кɵрүү алар үчүн оор болот, андыктан аларга ар тараптуу жардам берүү жана кам кɵрүү керек. Ошол себептен биз дайыма ушундай сыяктуу акцияларды ɵткɵрүп турабыз».
Ысык-Кɵл облусунун Балыкчы шаарындагы улгайган адамдар үчүн борбор 2008-жылы ачылган. Анын кызматкерлери улгайган адамдарга социалдык, укуктук, психологиялык жана патронаждык жардам кɵрсɵтүшɵт.