КЕЛИШИМДИК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА БАШКЫ АДИС (Бишкек офиси)

КЕЛИШИМДИК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА БАШКЫ АДИС (Бишкек офиси)

Жарыяланган: 12 November 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Келишимдик мамилелер боюнча башкы адис (Бишкек офиси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0153

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Ички регулятивдик документтерди даярдоо;
  • Келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо;
  • Документтердин юридикалык экспертизасы;
  • Келишимдик укук тууралуу консультация берүү;
  • Сатып алууларда, келишим түзүүдө, аткарууда жана келишимди бузууда укуктук коштоо, контрагенттер менен доо-талаштар боюнча иш жүргүзүү.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку юридикалык билим (күндүзгү формасында окуу);
  • Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Билимдери жана көндүмдөрү:

– чарбалык келишимдерди даярдоо жана юридикалык экспертиза жүргүзүү;

– доомат иштери;

– локалдык актыларды иштеп чыгуу;

– контрагенттердин, мамлекеттик органдардын катышуусу менен укуктук маселелерди чечүү;

– кат жүзүндөгү документтерди даярдоо, укуктук, компьютердик жана издөө системалар менен иштөө;

– Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик, процесстик, жер жана экологиялык мыйзамдарын билүү;

  • Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет);
  • Жоопкерчиликтүү, коммуникабелдүү, стресске туруктуу, командада жана өз алдынча иштей билүү;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 28-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0153.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.