Кумтөр авто-унаа жуугуч кызматын сунган бардык кызыкдар тараптарды аталган кызматты сунуу конкурсуна катышууга чакырат

Кумтөр авто-унаа жуугуч кызматын сунган бардык кызыкдар тараптарды аталган кызматты сунуу конкурсуна катышууга чакырат

Жарыяланган: 25 July 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК
Бардык талапкерлер, тандоо процедурасына өздөрүнүн каражатына катышат, жана бул процедуранын шарттарына макулдугун берет. Конкурска катышуу максатында талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү арыздары ишкана тарабынан каралбайт.

Конкурс шарттары тууралуу жалпы маалымат:


Талапкерлер төмөндө көрсөтүлгөн документтердин бардыгын толуктап, сунуусу зарыл. Берилген убакытка чейин документтердин толук топтомун тапшырбаган жана кошумча талап кылынган документтерди бербеген талапкерлер дисквалификацияга учурашы мүмкүн.

Бардык суроолор боюнча кызыкдар тараптар КГКнын сатып-алуу бөлүмүнө, Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук адреси аркылуу кайрылса болот.
Конкуркса катышуу билдирмелери, оозу чапталган, үстүндө “Тандоо комиссиясынын төрагасына” деп жазылган, А4 форматындагы конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 кабат, адресине жиберилүүсү зарыл. Аталган билдирмелер 8 август 2014ж., саат 17:00 чейин кабыл алынат. Берилген убакыттан кийин жана электрондук адреске жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.

Ишкананын талаптарына туура келген коммерциялык сунуштарды камтыган, жана коюлган критерийлерге толук жооп берген билдирмелер гана каралат жана анын негизинде тандалган талапкерлерге гана кабар берилет. КГК ишканасы эң арзан сунушту камтыган компания менен келишим түзөөрүнө эч кандай кепилдик бербейт.

Конкурстун негизи: ишкана авто унааларынын кун сайын, толук же болбосо жартылай жуулуп, тазаланышы; алдын-ала түзүлүүчү билдирменин негизинде жылмартылышы (полировка) жана салондун ичинин хим.тазаланышы.

Келишимдин жарактуулук мөөнөтү – 31 декабрь 2014 ж., чейин, андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Билдирменин мүнөзүнө коюлган эң төмөн талаптар:


• Юстиция министирлигинде катоо жөнүндөгү күбөлүктүн, уюштуруу документинин, салык төлөөчүнүн карточкасы жана каттоо баракчасынын көчүрмөлөрү;
• Жогоруда айтылган кызматка байланыштуу, колдо бар бардык лицензия/уруксат/патенттердин көчүрмөлөрү;
• Унаа жуулушунун тартиби – жаңы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү, көчпөс (стационардык) пунктунда жуулусу, кардардын жайында жуулусу;
• Аныкталган тартип боюнча бекитилген кызмат баасынын тизмеси (прейскурант);
• Накта кызмат негизинде кызмат акысынын ай сайын банк аркылуу которулуусуна жазылуу түрдөгү макулдук;
• Билдирмелердин так эсебинин жүргүзүлүшү, буюртмалардын кепилдүү, сапаттуу жана убагында аткарылышы.
Талапкерлер, аталган кызматтын сапатын жана үзүрдүүлүгүн жогорулатуу максатында, кошумча шарттарды сунуштоого укуктуу.