Жарыяланган: 10 August 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-августу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын филиалы «Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводу» (мындан ары – “ДКЗ”) Сизди Спецификацияга ылайык, ДКЗ үчүн бурамалуу компрессорлордун чыгымдалуучу материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо процессине катышууга чакырат.
Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Тапшыруу тартиби: Тандоодон өтүүчү катышуучулар сынактын талаптарына ылайык арыз берип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды 2026-жылдын 18 августтун саат 15:00дөн [email protected] кечиктирбестен электрондук дарегине «ЧЫГЫМДАЛУУЧУ МАТЕРИАЛДАР» темасын көрсөтүп, электрондук түрдө жөнөтүшү керек.
Катышуу үчүн арызда төмөнкү документтер камтылышы керек:
Баалоо критерийлери: Эң аз чыгым жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш жеңүүчү деп эсептелет.
Кардар тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен, Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.
Тандоодо ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.
Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул тандоо боюнча бардык суроолорду [email protected] электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
Тандоо шарттарын түшүндүрүү өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.