САРПТООЛОРДУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ БУХГАЛТЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)

САРПТООЛОРДУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ БУХГАЛТЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 17 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Сарптоолорду көзөмөлдөө бухгалтери (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-261

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Учурдагы сатып алуу реквизицияларын талдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү;
  • Иш жүзүндөгү сарптоолорду, четтөөлөрдү, бюджеттик жана болжолдук көрсөткүчтөргө шайкештигин талдоо;
  • Сарптоолордун капиталдык салымдарга же операциондук чыгашаларга дал келүүсүн талдоо;
  • Сарптоолорду тиешелүү эсепке алуу үчүн көзөмөлдү уюштурууга катышуу;
  • Ири подрядчылардын арасында жана жалпы долбоорлор боюнча сарптоолорду координациялык көзөмөлдөө;
  • Бухгалтердик эсепти финансылык отчеттуулук эл аралык стандарттарына (ФОЭC) ылайык жүргүзүү;
  • Финансылык мезгилди жабуу жол-жобосуна ылайык зарыл болгон бухгалтердик өткөрүүлөрдү даярдоо;

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Билими, квалификациясы: каржы-экономикалык жаатта жогорку билими, САР/CIPA сертификаты болуу;
  • Иш тажрыйбасы (өнөр жай, кызматы, узактыгы): 3-5 жыл, (Ишп 4) аудит компанияларында иш тажрыйбасы кубатталат;
  • Билим жана көндүмдөрү: жогорку аналитикалык жөндөмдүүлүгү, көп сандаган маалымат менен иштөө жөндөмү, ФОЭС билими;
  • Жеке сапаттары: көп тапшырма режиминде тез иштей билүү , мыкты командалык иш жөндөмү, так, элпек, тыкан, стресске туруктуу, баарлашуу жөндөмүнө ээ;
  • Кошумча көндүмдөрү (чет тилдерди, компьютердик программаларды ж. б. билүү): MS Office программаларын колдоно билүү, Excel менен иштегенди билүү, англис тилин билүү (артыкчылык)

Анкета жана резюмени 2022-жыл 1-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-261.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.