КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНҮН БУХГАЛТЕРИ

КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНҮН БУХГАЛТЕРИ

Жарыяланган: 16 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:

КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНҮН БУХГАЛТЕРИ

Билдирүүнүн номери: KGC-21-89

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Бухгалтердик эсепти финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭC) ылайык жүргүзүү;
  • Төлөөгө каралган эсептерди кабыл алуу жана каттоо, системада товарлардын түшүүсүн көзөмөлдөө, жергиликтүү жана чет элдик төлөмдөрдү иштеп чыгуу; 
  • Финансылык мезгилди жабуу жол-жобосуна ылайык зарыл болгон бухгалтердик өткөрүүлөрдү даярдоо;
  • Компаниянын жетекчилиги менен аудиторлордун талабына ылайык зарыл отчетторду даярдоо;
  • Корпоративдик кредиттик карталар боюнча банктар менен иштөө, документтерди даярдоо жана жүргүзүү, салыштыруу; 
  • Товар берүүчүлөр, банктар, сатып алуу бөлүмү жана башкалар менен иштөө.

 МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими, квалификациясы: каржы-экономика жаатында жогорку билим, САР сертификаты бар болуу;
  • Иш тажрыйбасы (тармагы, кызматы, узактыгы): болуусу артыкчылыкка ээ.
  • Билими жана көндүмдөрү: жогорку деңгээлде аналитикалык жөндөмдүүлүк, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, жалпы билимдер, анын ичинде кредитордук карыз бөлүмүнүн иш процессине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана  ченемдик актылары; 
  • Жеке инсандык сапаттары: көп максаттуу режимде тез иштей билүү, мыкты командалык жана коммуникативдик көндүмдөр, тыкан, эмгекчил, стресске туруктуу;
  • Кошумча көндүмдөрү (чет тилдерди, компьютердик программаларды ж.б. билүү): MS Office программаларын колдоно билүү, Excel менен иштегенди билүү, англис тилин билүү (артыкчылык)

Анкета жана резюмени 2021-жыл 29-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-89