«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Бишкек жана Караколдогу кеңселеринде коопсуздук марафондун жеңүүчүлөрү сыйланды

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Бишкек жана Караколдогу кеңселеринде коопсуздук марафондун жеңүүчүлөрү сыйланды

Жарыяланган: 10 November 2022

2022-жылдын 24-октябрынан тартып «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) Бишкектеги кеңсесинде жана Каракол шаарындагы облустук өкүлчүлүгүндө эмгекти коргоо маданиятын өнүктүрүүгө дем берүү, эмгекти жана коопсуздукту коргоо процесстерине кызматкерлерди кызыктыруу жана тартуу максатында компания кызматкерлеринин арасында коопсуздук марафону өткөрүлдү. Бул чоң марафондун акыркы, үчүнчү этабы болду. Буга чейин марафонго Кумтөр кен жайынын жана Балыкчы өткөөл базасынын кызматкерлери да катышкан.

Баалуу байгелер жана белектер ойнотулган бул иш-чарага бардык каалоочулар катыша алышты. Ал үчүн каттоодон өтүп, марафондун бардык 3 этабынын тапшырмаларын аткаруу керек болчу. Сынакка жалпысынан 42 кеңсе кызматкери катышты.

Марафондун катышуучулары төмөнкү тапшырмаларды аткарышы керек болчу: коопсуздук маданияты эмне деген суроого жазуу жүзүндө жооп берүү жана аны жакшыртуу боюнча өз сунуштарын берүү; жумуштан үйрөнгөн эмгекти коргоо жана коопсуздук жаатындагы билимдерин үйдө жана күнүмдүк турмушта кантип колдонуп жатканын баяндап жазуу; эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелери боюнча көндүмдөрү жана билими өмүрдү сактап калууга же ден соолукту коргоого кандай пайдасы тийгендиги тууралуу өз башынан өткөргөн окуя, учурларды сүрөттөп берүү.

Атайын комиссия ар бир этапта мыкты жыйынтык көрсөткөндөрдү иргеп, марафондун жеңүүчүлөрүн аныктады. Баардык катышуучулардын арасынан кокустук сандардын генерациялык  ыкмасы аркылуу шык берүүчү кошумча этап уюштурулуп, 3 жеңүүчү сыйланды.

Кызматкерлердин, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо – бул «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттар. Компания бардык кызматкерлердин жана подряддык уюмдардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кыла турган жагымдуу, коопсуз жумушчу атмосфераны түзүүгө умтулат.