БЕКИТКИЧ МАТЕРИАЛДАРДЫ (МЕТИЗДЕРДИ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО
Жарыяланган: 17 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 24-апрели, саат 12:00.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК Сизди бекиткич материалдарды (метиздерди) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.
Сунуш берүү форматы
Баа сунушу (мындан ары – БС) PDF форматында берилип, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
- Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү.
Документтерге шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov
- Баа сунушун кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-апрелине чейин саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.
Жеткирүүчүлөрдү тандоого берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
- Жеткирүү мөөнөттөрү;
- Жеткирүү шарттары;
- Төлөм шарттары;
- Баа сунушунун колдонуу мөөнөтү – берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн;
- Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат берүү.
Жеткирүү жери
DDP, «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын кампасы:
- Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көч./Элебаев көч.
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Бардык позициялар боюнча (лот бөлүнбөйт) техникалык сүрөттөмөгө толук жооп берген жана эң төмөн бааны сунуштаган баа сунушу жеңүүчү катары таанылат.
Кошумча шарттар
- «Метиздер боюнча суроо-талап» темасы менен баа сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-апрелине чейин саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
- Заказчы Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана мында сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
- Баа сунушу компаниянын расмий бланкында, кол коюлуп жана мөөр басылып даярдалышы керек.
- Белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган баа сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Баа сунушун берүү менен катышуучу бул талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экенин тастыктайт.
- Ар бир катышуучу бир гана баа сунуш бере алат.
- Баа сунушунун колдонуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
- Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүндө баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.
Байланыш жана суроолор
Бул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар акыркы сунуш берилүүчү мөөнөткө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүшү зарыл.
Тиркемелер