Ак-Дөбө айылында “Кумтөр” компаниясынын колдоосу менен аарычылык фермасы ачылды

Ак-Дөбө айылында “Кумтөр” компаниясынын колдоосу менен аарычылык фермасы ачылды

Жарыяланган: 17 June 2016

2016-жылдын 10-июнунда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында Глобалдык экологиялык фонддун/БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы долбоорунун алкагында КРдин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) жана “Кумтөр Голд Компани” менен ызматташтыкта түзүлгөн «Алтын аары» аарычылык фермасынын ачылышы болуп өттү.

2015-жылдан баштап Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Алтын аары” жамааты Ысык-Көл мамлекеттик коругунун коргоодогу участокторунун биринин жанында жергиликтүү аарычылыкты өнүктүрүү боюнча иш баштаган.

«Алтын аары» фермасын түзүүнүн максаты жергиликтүү аарычылыкты өнүктүрүү жана экологиялык пайда алуу. Атап айтканда, аарычылык продуктыларын сатуу жамаатка Ысык-Көл коругунун “Кокуй-Бел” участогун кайтаруу үчүн жооптуу болгон жергиликтүү егердин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн жашоосунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Андыктан анын иш шарттары, демек, коруктун биологиялык ар түрдүүлүгүнүн ресурстарынын сакталышы жакшырмакчы. Ошондой эле аарычылык фермасын түзүүнүн милдеттеринин бири болуп областтын калкынын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү экотруизмди өнүктүрүү да саналат. Мындан кийин фермада ГЭФ/БУУӨПтүн чакан гранттар программасынын колдоосу менен бал челектер жана аларды ташуу үчүн платформаны кошо алганда, аарычылык жабдуулары сатып алынган.

“Кумтөр” компаниясы демилгенин өнөктөшү катары будкасы бар ГАЗ-66 машинасын сатып алуу үчүн пайдаланылган 102 000 сом өлчөмүндөгү демөөрчүлүк жардамды көрсөттү. Бул машина балдын түшүмүнүн сапатын жана санын жакшыртуу үчүн жылуу мезгилде бал челектери менен платформаны тоолуу жерлерге көчүрүү үчүн зарыл.

«Кумтөр» компаниясы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого умтулат жана ошондуктан инвестицияларыбыздын бул багыты негизгилерден болуп саналат. Биз бул демилгенин бир бөлүгү болгонубузга жана ферманы өнүктүрүүгө салым кошконубузга кубанычтабыз», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.

2015-жылдын күзүндө балдын алгачкы түшүмү алынган. Экоферманын базасында аарылардын жашоосу, алардын планетадагы чаўдатуучулук ролу, ошондой эле балдын жана аарычылыктын продуктыларынын пайдалуу касиеттери жөнүндө кереге көргөзмө да түзүлгөн. Фермага туристтер келишет жана аларга фермада мини-экскурсиялар, балдын даамын сынап көрүү да сунушталары пландаштырылууда.