ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “BACK END ИШТЕП ЧЫГУУ” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ

ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “BACK END ИШТЕП ЧЫГУУ” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ

Жарыяланган: 05 August 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Өнүгүү башкармалыгынын “Back End иштеп чыгуу” тобунун башчысы Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-004 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Иштеп чыгуу:

– МТ стратегияларына жана саясаттарына ылайык жаңы програмалоо технологияларды колдонуу менен МТ Ситемасынын ПК бэкенд бөлүктөрүн;

– МТ Системасынын Бэкенд иштеп чыгуусун өнүктүрүү стратегияларын;

– МТ Системасынын Бэкенд иштеп чыгуу компонеттерин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды;

– Бэкенд иштеп чыгуу боюнча стандарттарды жана эрежелерди;

  • Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн Бэкенд программалык камсыздоо сервистерин өнүктүрүү максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
  • Колдонмо программалык камсыздоосунун Бэкенд бөлүктөрү боюнча МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн текшерүү;
  • Бэкенд бөлүктөрү боюнча өзгөрүүлөрдүн МТ Системасынын саясаттарына жана Компаниянын МТ өзгөрүүлөр процедураларына (сhange management) дал келүүсүн текшерүү;
  • “Back End иштеп чыгуу” тобуна жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;
  • Жалпы топтун ишин жетектөө жана “Back End иштеп чыгуу” тобуна жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартуу;
  • Топтун иш планын аткаруу тууралуу отчетту үзгүлтүксүз тапшыруу;
  • Компаниянын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– колдонмо программалык камсыздоосунда тест-скрипттерди долборлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес (“Back end иштеп чыгуу” жагында артыкчылыкка ээ).

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;

– API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоодо;

– реляциондук СУБД менен, маалыматты транзакциондук иштеп чыгууну билүү;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– программалоо тилдеринин (C#, Delphi, Java, VB) биринде объектиге ылайык программалоо;

– маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттардын бирин колдонуу.

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү жана көзөмөлдөө;

– SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;

– Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 19-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-004.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.