“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн Back-end иштеп чыгуучусу (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-256
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- IT-долбоорлорунун жана программалык камсыздоонун веб-ресурстары менен бизнес-логикасын колдоо үчүн бэкэнд-системаларын түзүү;
- Программисттер жана дизайнерлер үчүн бирдиктүү элементтер жыйнагын түзүү;
- Инфраструктураны долбоорлоо жана андан ары колдоо;
- Веб-кызматтарын коргоонун жогорку деңгээлин камсыздоо;
- Башка платформалар менен аракеттенүү үчүн API веб-ресурсун түзүү;
- Алгоритмдерди оптималдаштыруу;
- CSS3 жана HTML5 колдонуу менен ар кандай платформалар үчүн веб-долбоорлорду ылайыкташтыруу;
- Колдонуучу интерфейстерди иштеп чыгуу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
— маалыматтык системалар тармагында 3 жылдан кем эмес (артыкчылык: тоо-кен компанияларында);
— колдонмо программалык камсыздоосунда тест-скрипттерди долборлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес (артыкчылык: Full stack иштеп чыгуу);
— МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес (артыкчылык: Full stack иштеп чыгуу);
— API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоодо
— реляционндук МББС (СУБД), маалыматтарды транзакциялык кайра иштетүүнү билүү – 1 жылдан кем эмес;
— булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштей билүү;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
— программалоо тилдеринин биринде (C#, Delphi, Java, VB) объектиге багытталган программалоо;
— маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, стандарттардын бирин колдонуу (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK);
— стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;
— SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;
— Java (Spring Boot), Golang тилдерин жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворкторун билүү;
— бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;
- жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- Тилдерди билүү:
орус тилин – эркин билүү;
кыргыз тилин билүү – кубатталат;
англис тилин орто (Upper Intermediate) же жогорку (Advanced) деңгээлде билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 29-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-256.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.