«Кумтөр Голд Компани» Америка Соода Палатасынан эки сыйлык алды

«Кумтөр Голд Компани» Америка Соода Палатасынан эки сыйлык алды

Жарыяланган: 28 November 2017

«Кумтөр Голд Компани» жылдын мыкты иш берүүчүсү деп табылды жана Кыргыз Республикасындагы көптөгөн Палата мүчөлөрүнүн арасынан Америкалык Соода Палатысынын Ардактуу өнөктөшү деген сыйлыкка татыктуу болду.
Соода палатасынын өнөктөш-компанияларынын сыйлоо аземи 17-ноябрда мүчөлөрдүн жыл сайын өтүүчү жолугушуу алкагында өтүп, жана бул жыйналышка бизнес-коомчулуктун, дипломатиялык миссиялардын, эл аралык институттардын жана өкмөттүн 150 дөн ашуун өкүлдөрү чогулушту.

Сыйлык тапшыруу сегиз номинацияда өттү. Мыкты иш берүүчү болуу укугу үчүн сегиз компания ат салышкан. Көз карандысыз жюри, жумушчуларды социалдык пакет менен камсыздоо, окутуу жана стажировка мүмкүнчүлүгү, кызматтык тепкич боюнча илгерилетүү, жумуш орунунун коопсуздугу, жумуш күчүнүн туруксуздугу жана башка ар кандай көрсөткүч факторлордун негизинде катышуучуларды баалаган.
«Кумтөр» компаниясы Кыргыз Республикасынын жеке секторунда эң ири иш берүүчү болуп саналат. Компанияда Кыргызстандын 3,500гө жакын жараны иштейт. «Work Safe – Home Safe» лидерликти өнүктүрүү жана коопсуздук маданияты боюнча программасын киргизүү менен, КГК саламаттыкты сактоо жана коопсуздук көрсөткүчүн тынымсыз жакшыртуу чоӊ мааниге ээ экендигин белгилейт. Коопсуз өндүрүш – ийгиликтүү өндүрүштүн кепили экендигине КГК терең ишенет.

Америкалык Соода Палатасы өнөктөштөргө инновация жана технологияда жетишкендиктери үчүн, ошондой эле жылдын мыкты жетишүүсү, коомчулук үчүн иштөө, жылдын өнөктөшү, жылдын жетекчиси, жылдын мыкты иш берүүчүсү, кардар багытталган бизнестин лидери жана жылдын мыкты селфиси аттуу номинацияларда сыйлык тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө лотерея ойнотулуп, баардык чогулган каражат, Чуй облусундагы Токмок балдар үйүнүн тарбиялануучуларына менталдык арифметика боюнча окуу курстарын төлөөгө жумшалды.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) – Кыргызстанда ылайыктуу жана атаандаштыкка туруктуу бизнес чөйрөнү түзүүгө умтулган алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация. AmCham 70тен ашуун компаниянын өкүлү катары эл аралык аренада жергиликтүү бизнестин, ал эми Кыргызстанда чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыктарын жайылтат жана коргойт.