БАШКАРУУЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ (БИШКЕК ОФИСИ)

БАШКАРУУЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ (БИШКЕК ОФИСИ)

Жарыяланган: 21 September 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Башкаруучунун жардамчысы (Бишкек офиси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0167

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Компаниянын башкаруучусуна жана компаниянын жогорку кызмат адамдарына күн сайын жардам берүү;
  • Күн тартибин, зарыл документтерди даярдоо, документтерди тиешелүү түрдө тариздөө жана жолугушууларды өткөрүү үчүн бардык зарыл даярдыкты жасоо;
  • Компания башкаруучунун иш графигин координациялоо, жолугушууларды уюштуруу, оозеки жана жазуу жүзүндө которуу;
  • Компаниянын ар кандай бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кызмат адамдары менен, жана ошондой эле башка уюмдар жана бирикмелер менен жумушту координациялоо;
  • Жетекчинин бизнес-тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле аларды контролдоо;
  • Компаниянын административдик саясатын жана жол-жоболорун ишке киргизүү жана координациялоо;
  • Кириш жана чыгыш иш кагаздарын жана документтерди каттоо, талаптагыдай сактоо, талдоо жана бөлүштүрүү. Компаниянын башкаруучусунун архивин жүргүзүү;
  • Компаниянын жетекчилигинин атынан келүүчүлөрдү, телефон чалууларды, билдирүүлөрдү кабыл алуу жана башка зарыл иш-аракеттерди аткаруу;
  • Компаниянын аткаруу комитетинин жыйналыштарына катышуу, жолугушуулардын протоколдорун жүргүзүү;
  • Зарыл учурда Өкмөттүн жана/же парламентте жолугушууларга катышуу;
  • Ишкердик этиканы жана жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку техникалык билим;
  • Жеке жардамчынын кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Мыкты административдик ишти аткаруу көндүмдөр;
  • Компьютерди (MS Office) жакшы билүү;
  • Жазуу жана оозеки котормо көндүмдөрү: орус-кыргыз-англис тилдерине;
  • Мыкты өз ара баарлашуу жана аналитикалык көндүмдөрү болуу;
  • Өзүн алып жүрүү, натыйжалуулук, уюшумдуу, демилгелүү болуу.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 3-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0167

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.