Кызматташуу боюнча Жети-Өгүз регионалдык комитетинин отуруму болуп өттү

Кызматташуу боюнча Жети-Өгүз регионалдык комитетинин отуруму болуп өттү

Жарыяланган: 01 April 2012

Кызматташуу боюнча Жети-Өгүз регионалдык комитетинин отуруму болуп өттүҮстүбүздөгү жылдын 29-мартында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин отуруму болуп өттү. Комитеттин мүчөлөрү өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктарын чыгарышты жана 2012-жылга пландарды талкуулашты.

2012-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» «Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттигинин кредиттик портфелин 23 млн. сомго көбөйтүп жатат. Регионалдык комитеттин отурумунда «Жети-Өгүз» МКА берип жаткан микрокредиттөө кызматтарынын камтуу территориясын кеңейтүү чечими айтылды. Эми райондун бардык жашоочуларына финансылык каражаттар жеткиликтүү болуп калмакчы.

Отурумдун жүрүшүндө «Жети-Өгүз» МКАнын өкүлдөрү 2011-жылга финансылык ишмердүүлүк жөнүндө отчет беришти жана 2012-жылы финансылануучу долбоорлорду тааныштырышты. Кредиттик каражаттарды берүү пландары жана агенттиктин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча механизмдер талкуулоонун предмети болуп калышты.
Жети-Өгүз районунун кызматташуу боюнча комитетине райондун акими, райондук кеңештин депутаттары, коомчулуктун, ӨЭУлардын жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлдөрү киришкен.