Ысык-Көл областында Мөмө-жемиштердин ар жылдык экинчи фестивалы 9-августта өтөт

Ысык-Көл областында Мөмө-жемиштердин ар жылдык экинчи фестивалы 9-августта өтөт

Жарыяланган: 23 July 2014

2014-ж. 9-августунда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында мөмө-жемиштердин ар жылдык «Карагат фест» экинчи фестивалы өтөт. Мөмө-жемиш продукцияларынын фестивалын «Кумтөр Голд Компани» финансылаган «Карагат+» программасы-нын алкактарында «АВЕП» коомдук фонду уюштурууда.

Фестивалдын алкактарында мөмө-жемиш продукциясынын, техникалык жабдуулардын, үйдө кайра иштетилген продукциялардын көргөзмө-ярмаркасы пландаштырылган. Коноктор «жемиштер парадын» көрүп, ар кандай мастер-класстарга катышып, адистерден питомниктерди, теплица чарбаларын жана сактоо пункттарын өнүктүрүү, андан тышкары сууну жана энергия-ны керектөөнү олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча консультацияларды алышат. Адистер бардык кызыккандарга заманбап жер се-мирткичтер жана эмгектик чыгымдоолор жөнүндө айтып беришет. Эске салсак, Биринчи фе-стивалдын жүрүшүндө Ысык-Көл областынан 50 тоннадан ашуун жемиштерди берүүгө кон-тракттарга кол коюлган жана 1500дөн ашуун адам көргөзмөнү көргөн.

Фестивалдын башкы максаты:


• Ысык-Көл областынын мөмө-жемиштерин жайылтуу жана алдыга жылдыруу;
• Фермерлердин, керектөөчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жолго салуу үчүн бирдиктүү аянтча түзүү;
• Питомниктерди, теплицаларды жана заманбап сактоо пункттарын жайылтуу;
• Тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу;
• Карагатты жана башка жемиштерди өстүрүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды алдыга жылдыруу;
• Экологиялык таза мөмө-жемиштерди өстүрүү жолу менен жергиликтүү калктын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу;
• Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин туристтик потенциалын өнүктүрүү;
• Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин потенциалы жана артыкчылыктары менен тааныштыруу.

«Карагат фест» фестивалы – бул уникалдуу иш чара, ал фермерлерге өз продукцияларын сатып өткөрүү үчүн пайдалуу өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Фестивалга фермердик топтор эле эмес, бизнестин өкүлдөрү, кайра иштетүүчүлөр, питомниктер жана сактоочулар ассоциациясынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышат», – деп баса белгиледи “АВЕП” коомдук фондусунун директору Максат Абдыкапаров.
«Биз Ысык-Көл областын туруктуу өнүктүрүүгө салымыбызды кошо алганыбызга кубанычтабыз. Фестиваль региондун жашоочуларына өз продукцияларын сатып өткөрүү каналдарын жөнгө салууга, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алууга жардам берет жана жыйынтыгында, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө кошумча түрткү болуп калат деп үмүттөнөм», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.

karagat_leaflet_kyr_front
karagat_leaflet_kyr_back

Маалымат үчүн:
«АВЕП» коомдук фонду – КРнын элет региондорун туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү максатында эл аралык уюмдардын кеңири спектри, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектор менен иштөөчү борборазиялык өкмөттүк эмес жана саясый эмес уюм.
«Карагат+» – «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен «АВЕП» коомдук фондусу жүзөгө ашырып жаткан үч жылдык программа. «Карагат+» программасынын ишмердүүлүгү жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана жашылча-жемиш продукциясынын рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Программанын алкактарында өзгөчө көңүл алар продукцияны сатып өткөрүү каналдарын жолго салып жана өстүрүлгөн жемиштерден пайданы жогорулата алуусу үчүн фермерлерди маркетингдин негиздерине окутууга бөлүнмөкчү.