“Кумтөр” кен ишканасынын бардык кызматтары кадимки режимде иштеп жатышат

“Кумтөр” кен ишканасынын бардык кызматтары кадимки режимде иштеп жатышат

Жарыяланган: 19 May 2014

16-майда бир катар ММКларда “Кумтөр Голд Компанинин” профсоюз комитетинин төрагасы А.Жакыпов мырзанын “Кумтөрдө” кен ишканасынан иштөөчүлөрдү массалык чыгаруу менен өндүрүштүк тоо-кен иштерин токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө билдирүүсү жайгаштырылган. Ушуга байланыштуу компания расмий түшүндүрүү берүү зарыл деп эсептейт.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы “Кумтөр” долбоорун жүзөгө ашырууда курчап турган чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана техникалык процесстер тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорку стандарттарын дайыма карманып келген. Ишмердүүлүктүн бардык мезгилинде компания кен ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон пландарды жана долбоорлорду иштеп чыгууда жана макулдашууда Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен конструктивдүү кызматташууну түзгөн.

Чынында эле быйыл биринчи жолу компания долбоорду экспертизага кайталап бергенине жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарда талкуулаганына карабастан, азырга чейин “Кумтөр” долбоору боюнча 2014-жылга атайын техникалык долбоорго жактыруу алган эмес. “Кумтөр” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен болгон макулдашуулардын шарттарына ылайык, Өкмөт учурдагы тоо-кен иштерин жүргүзүүгө тиешелүү жактырууларды жана уруксат берүүлөрдү берүүгө милдеттүү. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана коопсуздук тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык нормаларга ылайык, тоо-кен иштерин жүргүзүүнүн улантуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан белгилүү бир уруксат берүүлөр жана жактыруулар талап кылынат, жана, ушуга байланыштуу, мындай уруксат берүүлөрдү жана жактырууларды алуу өтө зарыл болуп саналат.

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен зарыл уруксат берүүлөрдү алуу боюнча ишти улантат. Бул маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен акыркы талкуулоо конструктивдүү болду жана биз кырдаалдын жакынкы мезгилде оӊ чечилишине үмүттөнөбүз.

Азыркы учурда “Кумтөр” кен ишканасынын бардык кызматтары кадимки режимде иштеп жатышат.