«Кумтөрдүн Элчилери» Балыкчы шаарындагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

«Кумтөрдүн Элчилери» Балыкчы шаарындагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 27 December 2017

«Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасынын кызматкерлери Ысык-Көл өрөөнүнүн Балыкчы шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жана «Багыт» кризистик борборуна жардам көрсөтүштү.

Кумтөрчүлөр жаңы-жылдык майрамдарга карата азык-түлүк топтомдору менен таттуу белектерди компания кызматкерлеринин маалыматы жана Социалдык фонддун шаардык бөлүмүнөн алынган тизмеги боюнча он үй-бүлөгө жеткирип беришти.

«Бул үй-бүлөлөргө чынында эле кыйын экендигин өз көзүбүз менен көрүп ишендик. Багаар-көрөөрү жоктор, неберелерин баккан карылар, же болбосо мектеп жашындагы балдары бар жалгыз бой аталар сыяктуу үй-бүлөлөр тандалган» – деп маалымдыды «Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасынын менеджери Жылдыз Райымкулова.

«Кумтөрдүн Элчилери» тизмедеги бардык үй-бүлөлөргө баргандан кийин, «Багыт» кризистик борборуна «Кумтөр» ишканасынын туруктуу өнүктүрүү бөлүмү даярдаган белектерди да тапшырышты. Жаңы жыл алдында кризистик борборго барып калган бөбөкөтөр таттуу белектерди алды.