«Кумтөр Голд Компани» компаниясы Каракол шаарындагы зоопаркка жардам көрсөттү

«Кумтөр Голд Компани» компаниясы Каракол шаарындагы зоопаркка жардам көрсөттү

Жарыяланган: 29 April 2020

«Кумтөр Голд Компани» «Бугу-Эне» коомдук фондунун Каракол шаарындагы зоопарктагы жаныбарлар үчүн тоюттарды жана керектүү азыктарды сатып алуу үчүн тез арада жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырып, аталган муктаждык үчүн 5 миң АКШ долларын бөлдү.

Караколдогу «Бугу-Эне» коомдук фондунун балансында турган зоопарк карантиндик чаралардан улам кыйын кырдаалга туш болгон. Бул жай белгисиз мөөнөткө жабылып, бакма жаныбарлардын тоют, азыктары түгөнүп калган эле. Мурда зоопарк билеттерди сатуудан чакан киреше таап, ал жаныбарларды багууга сарпталчу. Өзүнүн мурдагы карамагындагыларга «Кумтөр» тараптан көрсөтүлгөн көмөк эми аларга бул кыйын кырдаалдан чыгып кетүүгө өбөлгө болот.

«Кумтөр» компаниясы Каракол шаарындагы зоопаркты көптөгөн жылдар бою колдоп келгенин баса белгилеп, 2014-2017-жылдары компаниянын зоопарктын инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана жашоо тиричилигине кошкон салымы 177 374 АКШ долларын түзгөн.

Маалымат үчүн: Каракол зоопаркы 1987-жылы негизделген. Азыркы учурда анда жапайы жаратылышка ыңгайлаша албаган 150дөй өзүнчө жашоочу организм 30дан ашык жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрү кармалат. Алардын арасында күрөң аюу, карышкырлар, Пржевал жылкылары, эчкилер, жапайы камандар, сүлөөсүн, түлкүлөр, жапон маймылдары жана башкалар бар. Аларга жакында эле Нарында кармалып, зоопаркка өткөрүлүп берилген илбирс дагы кошулган.