«Кумтөрдөн» баткендиктерге 10 миллион сом өлчөмүндө финансылык жардам

«Кумтөрдөн» баткендиктерге 10 миллион сом өлчөмүндө финансылык жардам

Жарыяланган: 06 May 2021

«Кумтор Голд Компани» компаниясы кыргыз-тажик чек арасындагы калабалуу кагылышуулардан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүүгө 10 миллион сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөттү.

Акча каражаттары ыктыярдуу негизде түшкөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган «КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» атайын эсебине которулду.