«Кумтөр Оперейтинг Компани» дүң кирешеге салыктын бир бөлүгүн аванс иретинде төлөп берүү жөнүндө билдирет

«Кумтөр Оперейтинг Компани» дүң кирешеге салыктын бир бөлүгүн аванс иретинде төлөп берүү жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 31 May 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» дүң кирешеге салыктын бир бөлүгүн аванс иретинде төлөп берүү жөнүндө билдиретУшул шейшембиде, 2012-жылдын 29-майында, «Кумтөр Оперейтинг Компани» Кыргыз Республикасынын бюджетине 30 миллион АКШ долларын кошумча которуп берди. Аванстык төлөп берүү жөнүндө тиешелүү документтерге компания менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда алдынкы күнү кол коюлду.

«Кумтөрдүн» жетекчилиги карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муз массаларынын жана бош тектин кыймылынын тездешинен улам келип чыккан компаниянын 2012-жылга өндүрүштүк планын түзөтүүдөн жана кыскартуудан кийин компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөрү да кыскаргандыгын эске алды. Өлкөнүн Өкмөтүнүн кайрылуусуна байланыштуу компания дүң кирешеге салыктын бир бөлүгүн аванс иретинде төлөп берүү чечимин кабыл алды, ал кийин 2012-жылдын аягында жана 2013-жыл аралыгында бөлүк-бөлүгү менен эске алынмакчы.

Азыркы учурда компания келип чыккан проблемаларды четтетүүдө, алар үстүбүздөгү жылдын февралындагы иш таштоодон улам иштин токтотулушу менен курчутулган. «Кумтөр Оперейтинг Компани» жаңы ресурстарга жетүүгө чыгуу жана жыл аягына чейин 390 – 410 миң унция же 12,13 тоннадан 12,75 тоннага чейин алтын өндүрүү үчүн карьердин түштүк-батыш участогунда иштерди тездетүүдө.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар