АДМИНИСТРАТОР (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

АДМИНИСТРАТОР (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

Жарыяланган: 01 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Администратор (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-045 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Офистин иши үчүн керектүү болгон чыгыштоо материалдар же башка товардык-материалдык камдыктар менен камсыздоо, анын ичинде офис эмеректерин, жабдууларын, чарбалык буюмдарын сатып алууга зарыл болгон документтерди тариздөө;
  • Офистин материалдык-техникалык камсыздоосуна сметаларды даярдоо жана сатылып алынган мүлктү, жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды эсепке алуу;
  • Чыгыштоо материалдарды жана алардын рационалдуу керектөөсүн көзөмөлдөө;
  • Кабылдама катчыларынын ишин, жана ошондой эле бөлүмдүн техникалык кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө;
  • Өткөрүлгөн жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды жана компаниянын башка иш-чараларын тейлөө;
  • Имараттардын оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу, оңдоп-түзөө иштеринин сапатын көзөмөлдөө;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Менеджмент тармагында жогорку билим;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
  • Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү;
  • Жогорку деңгээлде ишке жарамдуулук, энергиялуулук, чыдамкайлык, тырышчаактык, чечкиндүүлүк, максатка умтулгандык, так болуу, стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк;
  • Көйгөйлөрдү чечүүнүн приоритеттерин жана ырааттуулугун аныктоого жөндөмдүү болуу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 15-февраль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-045.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.