Караколдо “Жаштар жаратылышты сактоо үчүн” акциясы болуп ɵттү

Караколдо “Жаштар жаратылышты сактоо үчүн” акциясы болуп ɵттү

Жарыяланган: 09 March 2016

2015-жылдын 3-мартында Ысык-Кɵл облусунун Каракол шаарында Жапайы жаратылышты коргоо күнүнɵ карата акция болуп ɵттү. Акциянын алкагында мектеп окуучулары шаардын парктарында кара чыйырчыктарга элүү уя орнотуп, дагы бир бɵлүгүн Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жалгыз Каракол зоопаркына жɵнɵтүштү. Иш чараны «Джи-кипер» коомдук бирикмеси ыктыярчылар менен биргеликте, “Кумтɵр Голд Компанинин” финансылык колдоосу менен уюштурулган.

Шаардын 300дɵй мектеп окуучусу башын ɵткɵн айдын башында эле «Кумтɵр» компаниясы мектептерге чыйырчыктарган уя менен жана жем аяк жасоо үчүн жыгач бɵлүп бергенде акцияга биргишкен. Атүгүл, кичи класстардын окуучулары арасында мыкты сүрɵткɵ жана дубал гезитке сынак жарыяланып, а жогорку класстардын окуучулары арасында «Stand-up» стилинде тамашалуу монологдордо күч сыноо сунушталган. Жеӊүүчүлɵрдү акциянын жүрүшүндɵ калыстар тобу аныктады.

Иш чарага «Кызгалдак», «Dance for life» жана «KG Dance» бий топтору катышты. «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы конокторго ɵзүнүн экологиялык таза продукциясын сунуштаса, «Кумтɵрдүн» кызматкерлери катышуучуларга компаниянын ишмердүүлүгү жɵнүндɵ маалыматтык материалдарды берип, сынактын жеӊүүчүлɵрүнɵ байгелерди тапшырышты.

«Ысык-Кɵл обласундагы жаш муундун кɵӊүлүн аймактагы экологиялык көйгөйлөргө буруу жана курчап турган чɵйрɵнүн абалы үчүн жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу чүн мындай акцияларды дайыма ɵткɵрүү зарыл»,- деп белгиледи Каракол шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Акылсайра Жумабекова.

«Бул акция Каракол шаарында биринчи жолу ɵткɵрүлүүдɵ жана мен ал салтка айланат деп ишенем, анткени, аны ɵткɵрүү жаш муун эле эмес, шаарыбыздын улуулары үчүн да экологиялык маданиятты ɵркүндөтүүгɵ ɵбɵлгɵ болмокчу»-, деп белгиледи «Джи-Кипер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акылай Аденова.

«Компания колдоого алган приоритеттүү багыттардын бири, албетте, курчап турган чɵйрɵнү коргоо. Биз бул акцияга салым кошууга кубанычтабыз, анын үстүнɵ балдарга берген чыйырчыктарга уя менен жем аяк жасоодо колдонгон жыгач калдыктары компанияга үчүн аларды утилдештирүүдɵ символикалуу болсо да жардам», – деп белгиледи “Кумтɵр Голд Компанинин” туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.