Ишке орношуу

Ишке орношуу

– Компанияга кантип ишке орношсо болот?

– ««Кумтөр» компаниясына ишке орношуу башка компаниялардагы процесстерден айырмаланбайт. Алгач вакансия жарыяланат, анкеталар чогултулуп, баарынан ылайык келген талапкерлер аңгемелешүүгө чакырылышы мүмкүн. Анкеталар компаниянын кеңселеринде акысыз берилет жана биздин сайттын «Ишке орношуу тартиби» бөлүмүндө жеткиликтүү.

– Вакансиялар жөнүндө кайдан билсе болот?

– Сиздер бош орундар жөнүндө кулактандыруулар менен компаниянын аймактагы маалымат борборлорунда жана кеңселеринде, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана биздин сайттагы «Бош орундар» бөлүмүндө тааныша аласыздар.

– Кандидаттарды тандоо кандайча жүрөт?

– Биринчи кезекте ачык вакансияга берилген анкеталар кароодон өтөт. Кесипкөйлүгү коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер аңгемелешүүгө чакырылышы мүмкүн. Бул этапта кесиптик квалификациясы жөнүндө маалымат такталат, жеке сапаттары текшерилет.

Зарыл болгон учурда, вакансияга жараша адистиктин бардык талаптарына жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат.  Алгачкы үч этаптан кийин комиссия эң татыктуу талапкерлерди ишке кабыл алуу боюнча жетекчиликке сунуш киргизет.

Акыркы чечимди компаниянын жетекчилиги кабыл алат. Толук маалымат сайттын «Ишке орношуу тартиби» бөлүмүндө жеткиликтүү.

– Ишке орношуда артыкчылык кимге берилет?

– Ишке кабыл алуунун иштелип чыккан эрежелери жана процедуралары боюнча биз потенциалдуу кызматкерлерди эң татыктуу талапкерлердин катарынан алардын жеке жана кесиптик сапаттарын, жөндөмүн жана квалификациялык талаптарга ылайыгын эске алуу менен ишке кабыл алабыз. Андан тышкары, компанияда кабыл алынган кадр саясатына ылайык, ишке кабыл алууда компаниянын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймактын, атап айтканда, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда жашаган Ысык-Көл облусунун тургундарына артыкчылык берилет.

«Кумтөр Голд Компаниге» ишке орношууда ачыктыкты камсыз кылуу үчүн азыркы учурда потенциалдуу талапкерлер менен аңгемелешүүлөр жер-жерлерде коомчулуктун катышуусу менен өтөт.

– Компанияда канча адам иштейт?

– «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлеринин так саны сайттын башкы бетиндеги «Кымзаткерлердин саны» таблицасында берилген.

– Жумушчулар кандай айлык алышат?

– Эмгек акы штаттык ырааттама боюнча квалификациясына, иш тажрыйбасына жана ээлеген кызматына тийиштүү ар бир кызматкер менен жеке макулдашылат. Компаниянын бардык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аракеттеги эмгек мыйзамдарына ылайык таризделишет.

– Эгер сизден компанияга жумушка орношуу үчүн акча сурашса:

– «Кумтөр» компаниясына ишке орношуу, атүгүл ага потенциалдуу кызматкерлер өтө турган медициналык кароо акысыз, ал компаниянын эсебинен жүргүзүлөт. Эгерде сизге анкета сатып алууну (анкета акысыз болот) же ишке орноштуруу үчүн акча талап кылышса, биз менен байланышууну өтүнөбүз. Ишеним телефондорубуз +996 312 90 07 07 (кошумча 24206) же +996 312 90 07 07 (кошумча 24225). Ошондой эле Kumtor.info@kumtor.kg электрондук дареги боюнча да кайрылсаңыз болот. 

Андан тышкары, эгерде сиз акча талап кылуунун фактыларын күбөлөгөн анык маалыматка ээ болсоңуз, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кайрылууну сунуш кылабыз. «Кумтөр Голд Компани» бул маселе боюнча укук коргоо органдарына толук колдоо көрсөтөт деп тастыктайт.

СУРОО-ЖООПТОРГО КАЙТУУ