«Кумтөр» компаниясынын камсыздоо бөлүмүнүн кампа чарбасындагы «А» нөөмөт кызматкерлери Каракол шаарындагы №1 бала бакчага жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» компаниясынын камсыздоо бөлүмүнүн кампа чарбасындагы «А» нөөмөт кызматкерлери Каракол шаарындагы №1 бала бакчага жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 02 June 2017

Вахталар ортосундагы эс алуу убагында «Кумтөр» компаниясынын «А» нөөмөтүнүн кампа чарбасынын жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселоктогу шаардык №1 бала бакчага волонтердук жардам көрсөтүштү. Кумтөрчүлөр бала бакчанын 200 метрден ашуун узундуктагы коргонун сырдашты. Бул иш чара «Кумтөрдүн элчилери» корпоративдик ыктыярчылар программасынын алкагында жүрдү.

№1 бала бакча экиден жети жашка чейинки 100-120 бала барат. Бала бакчанын эмгек жамааты – 10-12 адам. Ал Н.М.Пржевальский атындагы мемориалдык музей комплексине катар жайгашкан.
«Кумтөр» компаниясынын кампа чарбасынын кызматкери Руслан Жолочиев мындай дейт: «Бала бакчага жардам берүү өтүнүчү менен мага мекеменин директору Игуменова Вера Анатольевна кайрылды. Бакчага барып мен жардам керектигине ынандым. Бала бакчанын территориясы чоң, СССРден калган балдар аянтчасы жакшы абалда сакталган. Ошондуктан мен коллегаларыма бакчанын металл коргонун сырдоону сунуш кылдым, ага менин бөлүмүмдөгүлөр жалпы макул болушту».

Дагы бир волонтер, «Кумтөр» компаниясынын кампа чарбасынын кызматкери Элдияр Джумабаев мындай демилгелерди колдоону маанилүү деп эсептейт: «Биз Русландын демилгесин колдоого дароо макул болдук жана мындай, бир караганда анча чоң эмес, бирок жардам алуучулар үчүн маанилүү кайрымдуулук иш чараларын өткөрүү абдан маанилүү деп эсептейбиз. №1 бала бакчанын жамаатынын кубанычтуу жүздөрүн көрүү өтө жагымдуу болду. Биз бардык коллегаларыбызды сыртта карап турбоого жана «Кумтөрдүн элчилери» программасына катышууга чакырабыз».