«Кумтɵр Голд Компани» № 27 жана № 91 кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлɵрүн куттуктады

«Кумтɵр Голд Компани» № 27 жана № 91 кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлɵрүн куттуктады

Жарыяланган: 21 September 2017

2017-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында № 27 кесиптик лицейде ушул жылдын бүтүрүүчүлɵрүнɵ диплом тапшыруу аземи болуп ɵттү. Бүтүрүүчүлɵрдүн катарында – «Кумтɵр» компаниясынын «Регионалдык стипендия» программасы боюнча «Автослесарь» адистиги боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүнɵ ээ болушкан Ысык-Кɵл облусунан балдар бар. Иш чарада «Кумтɵрдүн» ɵкүлдɵрү – администрация жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн менеджери Гүлмира Турдубаева, жана окутуу жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел, компаниянын атынан бүтүрүүчүлɵргɵ белек тапшырып, сттуденттер менен жолугуп, кесиптик лицейдин окуу корпусу менен устаканасын жана жатаканасын карап чыгышты.
2017-жылдын 18-сентябрында «Кумтɵрдүн» ɵкүлдɵрү Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицейде болушту, анда да компаниянын «Регионалдык стипендия» программасы боюнча окуган студенттер менен жолугуу ɵткɵрүштү. Бул окуу жайда жаштар «Ашпозчу-кондитер» адистиги боюнча билим алат. Белгилей кетсек, үстүбүздɵгү жылы № 91 лицейдин дээрлик бардык бүтүрүүчүлɵрү алган адистиктери боюнча Кыргызстандын түркүн компанияларында ɵз алдынча ишке орношушкан.
«Регионалдык стипендия» программасы Ысык-Кɵл облусунун аз камсыз үй-бүлɵ балдарына жардам кɵрсɵтүү максатында «Кумтɵр» компаниясы тарабынан негизделген жана 2000-жылдан бери колдоого алынып келет. Программа региондон (Балыкчы шаарынан, Тоӊ жана Жети-Ɵгүз райондорунан, Ак-Суу балдар үйүнɵн) жана калктын аяр катмарларынан (жетимдер, кɵп балалуу толук эмес үй-бүлɵлɵр, дене мүчɵсү кемтик ата-энелер/камкорчулар ж.б.) жана ага кошумча жакшы жɵндɵмдɵрү, умтулуусу жана академиялык жетишүүсү бар балдар үчүн сапаттуу орто техникалык билим алууга мүмкүндүк берет. Программа адистиги боюнча «Кумтɵр» кен ишканасында кыска мɵɵнɵттүү жогорку класстагы практикадан ɵтүү мүмкүнчүлүгү да берилет. Программада теориялык жана практикалык окутуу, жатаканада жашоо жана лицейде тамактануу камтылган.
«Биздин компания, анын ичинде, сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу, Ысык-Кɵл облус жаштарын колдоону улантууда. № 27 жана № 91 кесиптик лицейлерде биз бүтүрүүчүлɵр менен да, жана студенттер менен да, анын ичинде, үстүбүздɵгү жылы «Регионалдык стипендия» программасына кабыл алынгандар менен да жолугушууларды ɵткɵрдүк. Алардын бул окуу жайларынан алган билими менен тажрыйбалары турму жолунда жакшы башталыш болуп берет деп ишенем», – деп белгиледи окутуу жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел.