«Кумтɵр» компаниясынын жабдуу жана материалдык-техникалык камсыздоо бɵлүм кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда ишембилик ɵткɵрүштү

«Кумтɵр» компаниясынын жабдуу жана материалдык-техникалык камсыздоо бɵлүм кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда ишембилик ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 15 June 2017

2017-жылдын 10-июнунда «Кумтɵр» компаниясынын жабдуу жана материалдык-техникалык камсыздоо бɵлүм кызматкерлери Бишкек шаарындагы бɵлүм тарабынан 2012-жылы камкорчулукка алынган «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунда ишембилик ɵткɵрүштү. Балдар мекеме жетекчилиги менен макулдашуу боюнча коргон калыбына келтирилип, боелду, борбордун аянты жалбырактардан жана таштандыдан тазаланды, клумба жээктери сырдалып, дарактар акталды.

«Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борбору 1989-жылы негизделген. Мында ден соолугунун чектелген мүмкүнчүлүктɵрү менен балдар окушат, дарыланышат жана жашашат. Реабилитациянын адистештирилген программасы тарбиялануучуларга ɵзүн-ɵзү тейлɵɵ жана социалдык жүрүм-турум кɵндүмдɵрүнө, мектеп предметтерин жана эмгек сабактарын алууга мүмкүндүк берет. Балдар ар кандай шаардык сынактарга катышып, концерттерди беришет – ɵздɵрүнүн дени сак курбалдаштарыныкындай эле жашоону жашашат. Бул мекеме эч кандай мамлекеттик колдоо албайт жана жеке адамдардын анча чоӊ эмес ар айлык жардамдарынын эсебинен жашайт.

Белгилей кетсек, ишембиликке кошулуу чакырыгына «Кумтɵр» компаниясынын ɵнɵктɵштɵрү – «Строй Комплект Монтаж», Айко-Сейко, Крос-Инк, Рапсодия жана жеке ишкер «Шакиров» дароо жооп берип, акцияга жигердүү катышты. Боек, кистилерди жана башка материалдарды берип, балдар борборунун оюн бɵлмɵсүнɵ жер тɵшɵө салып, бир бɵлмɵнүн шыбын калыбына келтиришти.

Муну менен ɵнɵктɵштɵрдүн командалык ишинин мыкты үлгүсү кɵрсɵтүлдү. Жалпысынан акцияга 40тан ашуун адам катышты. Биргелешкен аракет менен балдар борборунун аймагы иретке келтирилди!