«Кумтөрдүн» вебсайтына кош келиңиздер! Компаниябыз жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга убакыт арнаганыңыз үчүн чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин максатыбыз – биримдикте эмгектенүүгө негизделген, жоопкерчиликтүү түрдө туруктуу баалуулуктар менен өнүгүүнү камсыздаган, мыктыгерчилик маданиятын жаратуу. Ишти кандай жүргүзүп жана жамаатыбыз кызматтык милдеттерин кандай аткарганы максатыбызга жетүүдөгү түркүк болоруна терең ишенебиз.

Биздин баалулуктар, «Кумтөрдө» кантип күнүгө иштегенибиз аркылуу так чагылдырылат: Биздин келечек биримдикте, Ак-ниеттүү ишкана, Үзгүлтүксү жакшыртуу жана Максаттарга ийгиликтүү жетишүү.

Эл-аралык компания катары, ар кандай кызыктар тараптардын ишеничин актоо үчүн, биз адамдардын түркүн муктаждыктарын, баалулуктарын жана маданиятын сыйлап, жогорку деңгээлдеги ачыктыкта иш жүргүзөбүз.

Биз өндүрүштө жана үйдө, айлана-чөйрөдө жана жергиликтүү коомчулуктарда кырсыктардын Нөлдүк көрсөткүчүн камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөбүз. “Work Safe – Home Safe” (Жумушта коопсуздук – Үйдө коопсуздук) аттуу программабызды жайылтуу аркылуу, ишканабыздын ар бир жумушчусу кырсыктар боюнча Нөлдүк көрсөткүчкө жетишүүгө милдеттенет.

Биздин бардык кызыктар тараптарыбыздын, алардын ичинде эмгек жамаатыбыз, жергиликтүү коомчулуктардын, акционерлерибиздин, мамлекеттик органдардын жана жалпы коомдун, экономикалык, экологиялык жана социалдык талаптарына жооп берүү үчүн, башкаруу ыкмаларыбызды жакшыртууга умтулабыз.

Келечекти карап, Кыргыз Республикасынын экономикасына туруктуу салым кошууга жана Кыргызстандын эң мыкты жумуш берүүчүлөрдөн боло бергенге, кендин иштетүү мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү улантабыз.