2011-жылдын III кварталынын жыйынтыктары

2011-жылдын III кварталынын жыйынтыктары

Жарыяланган: 24 November 2011

Рудник «Кумтор»
Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2011-жылдын III кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты.Үстүбүздөгү  жылдын июль – сентябрь айларында «Кумтөрдө» 141 217 унция1 же 4 392 кг алтын өндүрүлдү. 2011-жылдын башталышынан бери 444 460 унция же 13 824 кг алтын өндүрүлгөн.

Тогуз айда салыктар жана милдеттүү төлөмдөр 5 миллиард 377 миллион сом суммада төлөнгөн.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2011-жылдын III кварталында “Кумтөр” кенинде 141 217 унция алтын өндүрүлдү. 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча  444 460 унция алтын өндүрүлгөн, бул 2010-жылдын ушундай мезгилинин көрсөткүчтөрүнөн 31%га ашат.

2011-жылдын III кварталында өндүрүштүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү алтындын жогорку курамы бар руданы кайра иштетүүдөн жана жана бөлүп алуу пайызынын жогорулашынан улам болду. Үстүбүздөгү жылдын III кварталында фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын курамы 80,2% бөлүп алуу пайызында орточо 4,1 г/т түздү. Квартал аралыгында кайра иштетилген руданын көлөмү өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 3%га көбөйдү жана 1,4 млн. тоннага жетти.

Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2011-жылдын III кварталында  146 765 унцияны же 4 565 кг түздү. 9 айдын жыйынтыктары боюнча «Кыргызалтын» ААКсына 457 597 унция же 14 233 кг алтын сатып өткөрүлгөн.

2011-жылдын III кварталында алтынды сатып өткөрүүдөн алынган каражат 250,3 млн. долларга2, ал эми 9 айдын жыйынтыктары боюнча 701,4 млн. долларга жеткен. Компаниянын дүң кирешеси баарыдан мурда продукцияны сатып өткөрүүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн жана алтынды сатып өткөрүү баасынын өсүшүнүн эсебинен өстү. 2011-жылдын III кварталында алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 705  долларды түздү. Башка өндүрүштүк көрсөткүчтөр №2 таблицада келтирилген. .

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн алтын “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан аффинаждык ишканада аны кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2011-жылдын III кварталында жалпы өндүрүштүк чыгымдар амортизацияны жана эскирүүнү эске алганда 120,0 млн. долларды түздү.

2011-жылдын III кварталында  капиталдык чыгымдар 34,4 млн. долларды түздү. Алар негизги фондуларды модернизациялоого 9,3 млн. доллар чыгымдар түрүндө: биринчи кезекте оор техниканын ремонтуна, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бекемдетүү боюнча иштерге ж.б. долбоорлорго чыгымдардан турду.

25,1 млн. доллар өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестицияланды. Бул каражаттар негизинен жер астындагы зонаны жайгаштырууга, кендин үстүн ачуу иштерине даярдыктарга,  жаңы САТ 789 жүк ташуучу автомашиналарын эксплуатациялоого даярдоого, бургулоо техникаларын сатып алууга багытталган.

Геологиялык чалгындоо

2011-жылдын III кварталында “Кумтөрдөгү” геологиялык чалгындоого чыгымдар 3,5 млн. долларды, ал эми 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча – 10,7 млн. долларды түздү. 2011-жылдын III кварталында геологиялык чалгындоо иштери

борбордук карьерде, ошондой эле  концессиялык аянттардын чектеринде улантылды.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр”  кен ишканасынын көмөкчү карталары Маалыматты электрондук издөө жана анализдөө системасында www.sedar.com (SEDAR) жайгаштырылган, ошондой эле компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Жер астындагы участоктордогу иштер

2011-жылдын үчүнчү кварталында “Кумтөрдө” жер астындагы даярдык иштери  улантылды, жалпысынан 503 метр өтүлдү. Жыл башынан бери 1 394 метр өтүлдү. №1 түшүүчү жерде (SB зонасында) өткөн кварталда 260 метр өтүлдү жана бүгүнкү күндө өтүүчү жердин узундугу пландаштырылган 2,6 чакырымдын 1,7 чакырымына чейинкини түзөт. Штокверк зонасынын жер астындагы участогуна түшүүчү жерде (№2 түшүүчү жер) өткөн кварталда SB зонасын көздөй 157 метр өтүлдү. Бул түшүүчү жердин узундугу пландаштырылган 1,8 чакырымдын  964 метрин түздү. Штокверк зонасынын штрегинде өткөн кварталда пландаштырылган 515 метрдин 86 метри өтүлдү, бул мында андан аркы контурлоочу бургулоону жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2011-жылга прогноз

«Кумтөр» кен ишканасында 2011-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 580-600 миң. унцияны (18 – 18,7 т) түзүүгө, башкача айтканда алгач пландаштырылгандан (550 – 600 миң унциядан) ашыкча болууга тийиш.

2011-жылы капиталдык салымдар  186 млн. долларды түзмөкчү. Мында өнүктүрүүгө чыгымдар 152 млн. долларды түзмөкчү; негизги фонддорду  модернизациялоого 34 млн. доллар жумшалмакчы.

Өнүктүрүүгө каражаттар негизинен  жети CAT 789 жүк ташуучу автомашиналарды (21 млн. доллар)  жана карьердин түндүк бортун кеңейтүү боюнча иштер үчүн башка техниканы  (25 млн. доллар) сатып алууга, карьердеги кыртышты ачуу иштерине даярдыктарга (54 млн. доллар) жумшалмакчы. Андан тышкары, 50 млн. долларды жер астындагы иштерге жумшоо пландаштырылууда, анын ичинен 43 млн. доллары SB зонасын жана штокверк зонасын иштетүү үчүн зарыл болгон эки жер астына түшүүчү жайларды жасоого жумшалмакчы, ошондой эле 2 млн. доллар контурлоочу бургулоого жана 5 млн. доллар – башка муктаждыктарга жумшалмакчы.

Негизги фонддорду модернизациялоого  бөлүнгөн каражаттардын эң көп бөлүгү оор техниканын капиталдык ремонтуна (20 млн. доллар), калдыктарды сактоочу чарбанын дамбасын бекемдөө боюнча иштерге (5 млн. доллар), техниканы алмаштырууга жана башка муктаждыктарга (9 млн. доллар) багытталмакчы.

Геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 2011-жылы 14 млн. долларга жакынды түзмөкчү, башкача айтканда бургулоо иштеринин чектеринин кеңейишине байланыштуу мурда каралгандан көп болмокчу.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр, Социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 119,5 млн. долларды түздү. КРУБдун 2011-жылдын 30-сентябрына расмий курсу боюнча бул сумма 5 миллиард 377 миллион сомдон ашты. Көрсөтүлгөн төлөмдөр «Центерра Голд Инк.» тарабынан 2011-жылдын майында акционерлерге төлөнүп берилген, «Кыргызалтын» ААКсы тарабынан алынган 30,2 млн. доллар өлчөмүндөгү дивиденддердин суммасын камтыбайт.

Маалымат үчүн: 2011-жылдын 9 айы үчүн милдеттүү которуулар 4 млрд. 530,2 млн. сомду түздү.  Салык төлөмдөрүнүн структурасы №1 таблицада келтирилген.

Башка окуялар

● «Центерра Голд» компаниясы Тоо-кен казып алуучу тармактардын ачыктыгын жогорулатуу демилгесине (ТКАТАЖД) кошулду. ТКАТАЖД принциптерин Кыргыз Республикасында жана Монголияда алдыга жылдыруу ишинде «Центеррага» активдүү роль таандык. Компаниянын бул өлкөлөрдө иштеп жаткан тоо-кен ишканалары ТКАТАЖД принциптерин колдоого алгандардын алгачкыларынан болушту, демилгенин нормативдери боюнча отчеттуулукка өтүштү жана «Центерранын» бөлүмдөрү иштешкен өлкөлөрдө ТКАТАЖДнын инфраструктураларын жакшыртууга  өбөлгө түзүштү.

● Социалдык жоопкерчилик тармагындагы иш чаралардын алкактарында өткөн кварталда Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын 27 мектебинин курулушуна жана реконструкциясына 10 миллион доллар бөлдү.

Комментарий

«Биз өткөн кварталдагы “Кумтөрдөгү” иштердин жогорку өндүрүштүк натыйжаларына ыраазыбыз. Биз пландаштырылгандай күнүнө 500 миң тонна тоо теги көлөмүндө тоо-кен иштеринин үзгүлтүксүз көлөмүнө жетише алдык. Түзөтүлгөн өндүрүштүк пландарга ылайык, Кумтөр кен ишканасындагы өндүрүштүн көлөмдөрү 580 – 600 миң унцияга чейин жогорулады”,-деп билдирди “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” президенти Роберт Вандер.

* * *

Таблица 1

Кумтөр” долбоору боюнча 2011-жылдын 9 айындагы салыктык жана милдеттүү которуулар

2011-жылдын 30-сентябрына  карата Миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 97 067,5
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 8 312,9
Экологиялык төлөм 310,0
Киреше салыгы 3 857,1
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 8 289,6
Бажы төлөмдөрү 789,6
Резидент эместердин кирешелерине салыктар 833,2
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 49,0
Жалпысынан 119 508,9
АКШ долларынын КРнын сомуна карата 30. 09. 2011-ж.  расмий курсу 45,0008
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен 5 377,996

 
Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Таблица 2

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

  III квартал, 30-сентябрга карата 9 ай, 30-сентябрга карата
2011 2010 Өзгөрүүлөр % менен 2011 2010 Өзгөрүүлөр % менен
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 141 217 68 757 105% 444 460 339 369 31%
Өндүрүлгөн алтын ( кг менен) 4 392 2 139 105% 13 824 10 556 31%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 146 765 66 490 121% 457 597 358 461 28%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 4 565 2 068 121% 14 233 11 149 28%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен) 1 705 1 237 38% 1 533 1 159 32%
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. АКШ доллары менен) 250,3 82,2 205% 701,4 415,3 69%
Жалпы өндүрүштүк чыгымдар (амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен) (млн. АКШ доллары менен) 120,0 73,2 64% 281,0 212,6 32%
Дүң кирешеге салык + Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос ( млн. АКШ менен) 32,7 20,3 61% 105,4 88,7 19%
Капиталдык чыгымдар (млн. АКШ менен) 34,4 70,3 (51%) 152,3 133,2 14%
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ менен) 3,5 3,3 6% 10,7 7,8 37%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 38 702 30 714 26% 113 480 86 905 31%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 2 889 774 273% 4 925 2 953 67%
Казылып алынган рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,05 1,89 61% 3,43 3,51 (2%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 429 1 390 3% 4 365 4 290 2%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 4,01 1,57 155% 3,79 3,10 22%
Алтынды бөлүп алуу пайызы (пайыз менен) 80,2 73,4 9% 81,8 76,4 7%

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2011-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтөрдө” 8,2 млн. унциядан ашуун же 256 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2011-жылдын  24-ноябрына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 1 млрд. 523 млн. доллардан ашып кетти.

“Центерра” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана корпоративдик сайтында www.centerragold.com жана www.kumtor.kg жеткиликтүү жайгаштырылган.

_________________________________

1 Троялык унция = 31,1034768 грамм.
2 – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, мында жана андан ары бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтор Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар.