«Кумтөр» кенине «Жапайы жаныбарлар» деген жол белгилери коюлду

«Кумтөр» кенине «Жапайы жаныбарлар» деген жол белгилери коюлду

Жарыяланган: 28 September 2022

«Кумтөр» кенинин аймагында жол тилкелерине жапайы жаныбарлардын жүрүшү мүмкүн экендигин эскерткен «Жапайы жаныбарлар» жол белгилери орнотулду. Негизинен, алар ача туяктуу жаныбарлар – аркарлар жана эчкилер.

Жаңы кошумча белгилердин орнотулушуна ишкананын аймагындагы тоо текелердин санынын көбөйүшү жана алардын жол жээгине чуркап чыккан учурлардын көп катталышы себеп болгон. Компаниянын экологдору жапайы жаныбарлардын популяциясына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, байкоолор алардын санынын тынымсыз көбөйүп жатканын аныктаган. Белгилей кетсек, «Кумтөр» кенинин аймагында аңчылык кылуунун баардык түрүнө катуу тыюу салынган. Ошондуктан жергиликтүү жапайы жаныбарлар адамдардан дагы, ал жактагы техникалардан дагы эч кооптонбой калышкан.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун (КГК) айдоочулары жапайы жаныбарлардын жолго көбүрөөк чуркап чыккан аймактарына байкоо салып, маалымат беришкен. Ошондой кооптуу делинген 11 жерге жаңы жол белгилери орнотулду. “Жапайы жаныбарлар” жол белгиси башталган аймактан тартып, айдоочулар ылдамтыкты коопсуз деңгээлинде көзөмөлдөөгө милдеттүү. Эгерде жаныбар жолдун жанында же жолдо жүргөн болсо, айдоочулар унаа токтогонго чейин ылдамдыгын азайтып, кооптуу сигналын күйгүзүп, башка жол кыймылынын катышуучуларына белги берүүгө милдеттүү. Жолдун ачык экенине ынангандан кийин гана айдоочу жолун улантуусу керек.

«Кумтөр» компаниясы жапайы жаныбарларды жана алардын жашаган жерлерин коргоого алууну колдоп келет. Бул максатта бардык кызматкерлер жумуш учурунда кен аймагында жапайы жаныбарлар менен кез келгенде өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча атайын окуудан өтүшөт. Биринчи кезекте жумушчулардан жапайы жаныбарлардын табигый жашоосуна кийлигишпөө талап кылынат. Эч кандай шартта аларга тамак бербеш керек. Бир караганда бул жаныбарларга кам көрүү сыяктуу көрүнгөнү менен, аларды тоюттандыруу менен чындыгында алардын табигый жашоосуна тоскоол болуп жатабыз», – дейт «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн инженери Кубанычбек уулу Нурсултан.