«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүү боюнча атайын эсебине 250 миң сом которушту

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүү боюнча атайын эсебине 250 миң сом которушту

Жарыяланган: 27 April 2020

Мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАК кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекция менен баатырларча күрөшүп жаткан республиканын медициналык кызматкерлерине ыктыярдуу кайрымдуулук жардамын чогултуу өнөктүгү жарыяланган. Жыйынтыгында 250 миң сом чогулуп, КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн COVID19 менен күрөшүү боюнча эсебине которулду.

2020-жылдын март айынын аягында «Кумтор Голд Компани» 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам бөлүп, ал Ысык-Көл облусунун аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышына жол бербөөгө багытталган иш-чараларга тартылган тиешелүү структураларды жана облус калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого багытталган.

Андан тышкары, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана андан ары жайылышына жол бербөөгө 12 миллион сом бөлүп берген. Аталган Фонд «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1% өлчөмүндөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөт.