Төртүнчү чейрек жана 2017-жылдын жыйынтыктары

Төртүнчү чейрек жана 2017-жылдын жыйынтыктары

Жарыяланган: 16 March 2018

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2017-жылы «Кумтөр» кенинде 562 749 унция*  же 17 503,46 кг алтын өндүрүлдү.Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 550 134 унцияны же 17 111,09 кг алтынды, сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 685,2 млн долларды** түздү. «Кумтөрдүн» мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү 2017-жылдагы салымы 8,7миллиард сомдон ашты. Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр таблицада:

Башкасы берилбесе, млнUSD*** менен VIчейрек31-декабрга карата 12 ай31-декабрга карата
2017 2016 өзгөрүү 2017 2016 өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млнUSD)** 228,1 231,3 (1%) 685,2 683,4 0%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын**** өздүк наркы (млн.USD) 84,7 103,0 (18%) 291,7 347,4 (16%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын**** өздүк наркы (унциясынаUSD) 468 537 (13%) 530 636 (17%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 50 770 35 543 43% 181 878 144 399 26%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 2607 223 1068% 5 084 8 911 (43%)
Рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,30 8,62 (73%) 2,12 3,45 (39%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миңтонна) 1 668 1 581 6% 6 246 6 303 (1%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,76 4,71 (20%) 3,58 3,44 4%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 80,4% 83,5% (4%) 79,1% 79,2% (0%)
Тоо-кен иштерине жумшоолор (тоннасынаUSD) 1,08 1,24 (13%) 1,10 1,27 (13%)
Кайра иштетүүгө жумшоолор (тоннасынаUSD) 9,16 9,37 (2%) 10,69 9,87 8%
Өндүрүлгөн алтын (унцияменен)* 158 165 200 762 (21%) 562 749 550 960 2%
Өндүрүлгөн алтын (кгменен) 4919,49 6 244,40 (21%) 17 503,46 17 136,78 2%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 180703 191 842 (6%) 550 134 546 342 1%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кгменен) 5 620,50 5 966,96 (6%) 17 111,09 16 993,15 1%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы**** (унциясына USD) 1 262 1 206 5% 1245 1 251 (0%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)**** (млнUSD) 16,5 11,5 44% 60,6 61,0 (1%)
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)**** (млнUSD) 7,1 1,4 399% 18,1 14,8 23%
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)**** (млнUSD) 24,4 42,9 (43%) 149,4 100,5 49%
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)**** 7,5 15,4 (52%) 50,9 36,2 40%
Капиталдык жумшоолор (жалпы) 55,5 71,2 (22%) 279,0 212,5 31%
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)**** 44,9 43,1 4% 146,0 167,4 (13%)
Негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор****  (салыктарды кошкондо) 95,1 103,1 (8%) 383,9 349,2 10%
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор (унциясына USD) 297 253 18% 313 342 (8%)
Сатып өткөрүүнүн негизиндеги операциялык жумшоолор (унциясына USD)****  249 224 11% 265 306 (13%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор**** (унциясына USD) 526 538 (2%) 698 640 9%
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо 4(унциясына USD) 704 707 (0%) 874 815 7%

* –Маалымат үчүн: троялыкунция = 31,10348 грамм.

** –Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

*** –Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн

****– «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө), Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде), Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейтжана Центерранын 2018-жылдын 23-февралындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат.

*****Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде) өзүнө кендин иштешин камсыздоочу акчалай чыгымдарды: тоо-кен иштеринин наркын, жергиликтүү башкаруу чыгымдарын, роялтини жана жер казынасын эксплуатациялоого салыктарды (мунун кумтөргө тиешеси жок, анда дүң кирешеге салык эсептелет) камтыйт, бирок жешилүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга которууларды камтыбайт.

«Кумтөр» долбоору боюнча 2017-жыл ичинде салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

2017-ж. 31-декабрга карата USD*
3-чейрек 2017 4-чейрек 2017 3-чейрек 2017 4-чейрек 2017 Бардыгы
Дүң кирешеге салык 23 168 141 27 041 241 22 671 153 20 668 944 93 549 480
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 1 389 468 2 472 792 1 743 935 822 612 6 428 807
Экологиялык төлөм 310 000 310 000
Кызматкерлердин кирешесине салык 1 245 567 1 173 336 987 757 1 186 260 4 592 921
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 673 426 4 984 932 4 811 394 4 579 019 20 048 771
Бажы төлөмдөрү 148 828 139 379 95 362 93 163 476 732
Резидент эместердин кирешесине салык 168 592 152 640 84 533 156 892 562 657
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 114 487 236 483 62 131 142 441 555 542
Бардыгы 32 218 509 36 200 803 30 456 265 27 649 332 126 524 909
Чейрек соңуна карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 68,6069 69,1367 68,6585 68,8395
Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен 2 210 412 018 2 502 804 052 2 091 081 501 1 903 366 178 8 707 663 748

*-Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн

Эскертүү:2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Кыргыз Республикасы аймагындагы төлөмдөр

2017-жылы КР аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук ж.б.) 269,731 млн АКШ доллардан ашты. Компания иштеген 1994-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 472 миллион АКШ доллардан ашкан.

млн USD 2017 1994 – 2017
Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 99,314 1 083,889
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 20,049 187,845
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 6,429 62,634
Лицензиялар жана уруксаттамалар үчүн төлөм 0,423 3,809
Экологиялык төлөмдөр жана Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 5,299
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 0,521 13,340
Аффинаж үчүн төлөмдөр 4,364 55,265
«Центерранын» акцияларын сатуудан алынган каражат 86,000
Дивиденддер 93,315
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар:

товарлар жана кызматтар

44,468 771,727
азык-түлүк 4,317 69,540
КР инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:

– электрэнергиясы

12,869 179,470
кен ишканасынан сырткары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 1,742 44,487
«ТамгаКумтөр»ЭБЛ 41,612
КГКнын кызматкерлеринин таза эмгек акысы 66,428 695,627
Санатордук дарылануу 0,744
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуу 0,581 6,398
Демөөрчүлүк жардам жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлору 0,916 29,039
Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жардам 31,000
Онкологиялык кызматты колдоо фонду 7,000 7,000
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Бардыгы 269,731 3 472,44

Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча :

● «Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2017-жылдагы үлүшү 9,7% ;

● «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 21,1%.

2018-жылга прогноз

Кумтөр ишканасында 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 450-500 миӊдей унция же 14,15-15,55 т болмокчу. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор ар бир сатылган унциясына 733-815 доллар өлчөмүндө күтүлүүдө. Кумтөрдө 2018-жылы жалпы капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 63 млн доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Негизги фондуларды колдоого 49 млн доллар көлөмүндөгү чыгымдар негизинен оор тоо-кен техникасыннын капиталдык ремонту жана алмаштыруу менен байланышкан (42 млн доллар). Кумтөрдөгү өнүктүрүүгө инвестициялар 2018-жылы 14 млн доллар суммасында пландалууда жана көбүнчөсү калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулушу менен байланышкан (9 млн доллар). 2018-жылы карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган жумшоолордун акчалай курамы 2018-жылы жалпысынан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга бөлүнгөн 168 млн доллардын ичинен 122 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Комментарий

“Центерра Голд” компаниясынын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри төмөнкүнү белгиледи: “Мен сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына кайра эсептегенде жана коштоочу продуктыны эсепке алуу менен унциясына 688 доллар көлөмүндө жалпысынан 785 316 унция көлөмүндөгү алтын өндүрүү боюнча пландык тапшырманы аткаргандыгыбыз жөнүндө билдирүүгө кубанычтамын, бул 2017-жылга алдын-ала каралган пландаштырылган минимумдан төмөн. Бул «Кумтөр» негизги фондуларды кармап турууга пландаштырылган минимумдан төмөн жалпы чыгымдарда алтын өндүрүү боюнча пландуу көрсөткүчтү ашыра аткарган дагы бир йигиликтүү жыл болду. Мисалы, 2017-жылы ал сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына кайра эсептегенде жана коштоочу продуктыны эсепке алуу менен унциясына 698 доллар көлөмүндө жалпысынан 562 749 унция алтын өндүргөн”.

***

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,5млн унция же 357 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн –77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2018-жыл, 14-мартка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 425млн доллардан ашты .

Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасындаwww.sedar.comжанаwww.centerragold.comжанаwww.kumtor.kgкорпоративдик сайттарда.