2015-жылдын аягына карата запастар жана ресурстар

2015-жылдын аягына карата запастар жана ресурстар

Жарыяланган: 26 February 2016

«Центерра Голд Инк.» жана «Кумтөр Голд Компани» ишканалары тарабынан 2015-жылдын аягына карата Кумтөр кениндеги запастардын жана ресурстардын көлөмдѳрүн тактѳѳ иш чаралары ѳткѳрүлдү.
2015-жылдын соңуна карата запас жана ресурстарды эсептөөдө алтын унциясынын баасы 1 200 долларга3 барабар деп алынган.

Запастар

2015 жылга карата Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан Кумтѳр алтын кенинде жылдын ичинде иштетилген 658 миң кенде камтылган унцияны эсепке алганда далилденген жана ыктымал алтын запастарынын көлөмү 495 мин кенде камтылган унцияга кыскарган. 2015 жылы, ѳндүрүш кѳрсѳткүчтѳрү KS2014YE ресурстук модели менен салыштырылып текшерилгенде, жалпысынан ѳндүрүлгѳн унциялардын кѳлѳмү боюнча абдан жакшы жыйынтык кѳрсѳткѳн. Бирок аталган моделде +3г/т фракциясынын тоннажы ашыра кѳтѳрүлүп, 1,1 г/т менен 3г/т ортосундагы фракциянын тоннажы жетиштүү деңгээлде бааланган эмес. Ошол себептен, 2015 жылдын соңуна карата болгон запастарды эсептѳѳ үчүн KS2015YE жаңы ресурстук модели иштелип чыгып, ага жыл ичинде жасалган кошумча тыгыздыкты жогорулатуучу бургулоонун натыйжалары кошулган. Натыйжада, 164 миң кенде камтылган алтын унциясы кошулуп, азыркы учурда Кумтѳр кенинин далилденген жана ыктымал запастардын жалпы эсептелген кѳлѳмү 5,6 млн кенде камтылган алтын унциясын (тоннасына 2,5 грамм алтын камтыган 69,2 млн тонна кенташ) түзѳт. Бул кѳлѳмдүн ичине, 2015 жылдын декабрынын соңуна карата Борбордук карьердеги 4,1 млн тонна кенде камтылган алтын унциялары (тоннасына 2,8 грамм алтын камтыган 44,3 млн тонна кенташ) кирип, 2014-ж. 31-декабрына карата далилденген жана ыктымал запастардын жалпы 6,1 млн унциясына салыштырылат.

Ресурстар

Кумтөр алтын кенинде ачык ыкма менен казылуучу ѳлчѳлгѳн жана эсептелген ресурстар 240 миң кенде камтылган алтын унциясына кыскарып, 2015 жылдын 31 декабрына карата жалпы көлөмү 2,6 млн кенде камтылган алтын унциясын (курамында тоннасына 2,7 грамм алтын камтыган 29,6 млн тонна кенташ) түздү.
Кумтөр алтын кенинин ачык ыкма менен казылуучу ѳлчѳлгѳн ресурстары 313 миң кенде камтылган алтын унциясына көбөйүп, 1,8 млн кенде камтылган алтын унциясын (курамында тоннасына 2,9 грамм алтын камтыган 19,5 млн тонна кенташ) түздү. Эсептелген ресурстар болсо 553 кенде камтылган алтын унциясына кыскарып, 777 миң кенде камтылган алтын унциясын (курамында тоннасына 2,4 г/т алтын камтыган 10,2 млн тонна кенташ) түзгѳн. Бул ѳзгѳрүүлѳр жогоруда аталган KS2015YE жаңы ресурстук моделинин иштелип чыгышына байланыштуу болуп, натыйжада алтын курамынын тѳмѳндѳшүнѳ жана унция кѳлѳмүнүн азайышына алып келген.
2015 жылдын 31 декабрына карата Кумтөр кенинин болжолдонгон ресуртары 1,8 млн кенде камтылган алтын унциясын (курамында тоннасына 6,5 алтын камтыган 8,6 млн тонна кенташ) түзүп, анын ичинен 1,7 млн кенде камтылган алтын унциясы (курамында тоннасына 10,9 алтын камтыган 4,7 млн тонна кенташ), SB тилкеси менен штокверк тилкесинде жаткан курамы жогору болжолдонгон ресурстарга кирет.
2015 жылдын жыйынтыгы боюнча, жердин астындагы штокверк тилкесиндеги болжолдонгон ресурстардын кѳлѳмүндѳ бир аз жакшы ѳзгѳрүүлѳр болгон. Мунун себеби, мындан муруңку жылы 54 миң кенде камтылган алтын унциясы эсептелген ресурстар категориясынан болжолдонгон ресурстар категориясына которулгандыгында жатат.

2015-ж. 31-декабрына карата Кумтөрдөгү запастар жана ресурстар

Миң тонна

Курамы (г/т)

Рудадагы алтындын көлөмү

миң унция

тонна

Алтындын запастары:
– далилденгени   8 832 1,4 402 12,5
– ыктымал 60 406 2,7 5 240 162,98
Бардык запастар 69 239 2,5 5 641 175,46
Ресурстар:
– ѳлчѳлгѳн (ачык ыкма менен казылуучу) 19 450  2,9 1 787 55,58
– эсептелген (ачык ыкма м/н казылуучу) 10 151 2,4 777 24,17
Бардыгы 29 602 2,7 2 564 79,75
Болжолдонгон ресурстар
– ачык ыкма менен казылуучу 3 894 1,2 148 4,60
– жер астындагы штокверк зонасы 931 11,6 348 10,82
– SB жер астындагы зонасы 3 806 10,7 1 315 40,9
Жалпысынан болжолдонгон ресурстар 8 631 6,5 1 811 56,33

(1) Бир троя унциясы 31,10348 граммды түзѳт.
(2) Суммалар тегеректелгендиги үчүн кошулганда айырма болушу мүмкүн.
(3) Башка валютада көрсөтүлбөгөн бардык акча суммалары АКШ долларында берилген.
(4) Ачык ыкма менен казылуучу запастар жана ресурстар Борбордук участок үчүн курамы тоннасына 0,85 грамм алтын жана Түштүк-Батыш менен Сарытөр участоктору үчүн тоннасына 1,0 грамм борттук курамдан эсептелген. Жер астындагы ресурстар ачык ыкма менен казылуучу ресурстарынын жатыш контурунан төмөнүрөөк жайгашкан жана аларды эсептөө үчүн алтындын тоннасына 6,0 грамм өлчөмү колдонулат.
(5) Ачык ыкма менен казылуучу ресурстарынын жатыш аймагы, алтындын унциясына 1 450 АКШ доллары өлчөмүндөгү баа үчүн иштелип чыккан карьердин контуру менен чектелген.


“Центерра” компаниясы жөнүндө: «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин иштетүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания. «Центерра» компаниясы Батышта негизделген Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүрүүчүсү. “Центерранын” акциялары CG символу астында Торонто фондулук биржасында (TSX) жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио провинциясындагы Торонто шаарында жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана SEDAR сайтында жеткиликтүү.