2015-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2016-жылга прогноз

2015-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2016-жылга прогноз

Жарыяланган: 18 January 2016

Предварительные результаты 2015 года и прогноз на 2016 годCenterra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтɵр Голд Компани» компаниялары 2015-жылдын ɵндүрүштүк тапшырмаларынын ийгиликтүү аткарылышы жɵнүндɵ билдиришет.

«Кумтɵр» кен ишканасында алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү тɵмɵнкүнү түздү:

– 2015-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча – 520 695 унция* же 16 195,4 кг алтын;
– 2015-ж. IV чейрегинде – 130 611 унция же 4 062,5 кг алтын.

Алтын өндүрүүнүн пландалган көрсөткүчүнө чыгуу өндүрүш көлөмү төртүнчү чейрекке туш келген жылдардан айырмаланып, 2015-жыл ичинде чейрек сайын салыштырмалуу текши алтын өндүрүүдөн улам мүмкүн болду.

2016-ж. Перспективалар

Алдын-ала эсептɵɵлɵр боюнча “Кумтɵр” кен ишканасында ɵндүрүштүн кɵлɵмү 2016-жылы 480-530 миӊдей унция же 14,9-16,5 т алтынды түзүүгɵ тийиш. Ошол эле учурда, быйыл компания алтындын эӊ чоӊ бɵлүгүн жылдын экинчи жарымында, алтынга бай рудалуу Борбордук карьердин SB зонасына 2016-жылдын экинчи чейрегинин соңунда чыкканда күтүүдө.

Кыртыш ачуу иштерине чыгымдарды алып салгандан кийинки жалпы капиталдык жумшоолор 2016-жылы 110 млн долларды** түзүүгɵ тийиш. Анын ичинен 84 млн доллар негизинен оор жүк ташуучу тоо-кен техникалар паркын ири масштабдуу кайра жабдууга (69 млн доллар), калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын бийиктетүү боюнча курулуш иштерине (6 млн доллар) жана башка жумшоолор (9 млн доллар) менен байланышкан негизги фондуларды*** модернизациялоого жумшалмакчы.

Ɵнүктүрүүгɵ инвестициялар*** 26 млн. доллар кɵлɵмүндɵ пландаштырылган жана KS-13 планына ылайык карьердин чегин кеӊейтүүгɵ байланыштуу кен ишкананын инфраструктура объектилерин кɵчүрүүнү, сууну сордуруп салуу иш чараларын камтыйт.

Жалпы кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга каралган 162 млн доллардан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай компоненти 2016-жылы карьерди иштетүүгɵ байланыштуу 122 млн доллар ɵлчɵмүндɵ күтүлүүдɵ.

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
** – Эгерде башкасы кɵрсɵтүлбɵсɵ, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
*** – GAAP (бухэсептин жалпы кабыл алынган принциптери) алкактарында пайдаланылбоочу кɵрсɵткүч, кошумча маалыматты SEDAR сайтында «GAAP пайдаланбоочу кɵрсɵткүч» бɵлүгүнɵн караӊыздар.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү, ошол эле жерден пресс-релиздин англис тилиндеги толук тексти менен таанышууга болот.

Пресс релиздин толук тексти

“Центерра” жөнүндө: «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин иштетүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания. «Центерра» компаниясы Батышта негизделген Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүрүүчү. “Центерранын” акциялары CG символу астында Торонто фондулук биржасында (TSX) жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.
“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат компаниянын www.centerragold.com сайтында жана www.sedar.com дарегинде SEDAR системасында жеткиликтүү.